2027-жылдан баштап Кыргыз Республикасы 500 миң тоннага чейин органикалык минералдык жер семирткичтерди өндүрө алат -
2027-жылдан тарта Кыргызстан 500 миң тоннага чейин органикалык минералдык жер семирткичтерди өндүрө алат. Бул тууралуу бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында айтылды Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана к

2027-жылдан тарта Кыргызстан 500 миң тоннага чейин органикалык минералдык жер семирткичтерди өндүрө алат. Бул тууралуу бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында айтылды Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин өкүлдөрүнүн айтымында, кытайлык инвесторлор менен келишим түзүлүп, ага ылайык Ноокатта органикалык минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу завод иштей баштайт "Завод 2027-жылдан тарта 500 миң тоннага чейин органикалык минералдык жер семирткичтерди чыгарат. Мына ушундай жол менен өлкөнүн органикалык жер семирткичтерге болгон муктаждыгын толук камсыздай алабыз. Мындан тышкары, Кара-Кече көмүр кенинин базасында дагы бир ишкана ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал жерде көмүр эмес, органикалык жана минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" КР Суу жана айыл чарба министрлигинин башчысынын орун басары Мирбек Дүйшеев кошумчалагандай, Талас облусунда 100 гектар жерге органикалык минералдык жер семирткичтердин эки түрү (грохус, наногумат) колдонулган. Ал эми мындай минералдык жер семирткичтерди республика боюнча таратуу пландалып жатканын кошумчалады Депутат Кубанычбек Самаков белгилегендей, азыр бул органикалык минералдык жер семирткичтерди жеке адамдар жана жеке жер тилкелеринде гана колдонуп жатышат. Ал белгилегендей, мамлекет алардын эффективдүүлүгүн көрсөтсө, өнөр жай жүгүртүүсүнө киргизүү керек Депутат Махабат Мавлянова наногумат минералдык жер семирткичке караганда өсүмдүктөрдүн өсүү стимулятору экенин кошумчалады "Жакын арада органикалык минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу завод пайда болорун министрлер кабинети белгилейт. Бирок аны өндүрүү үчүн айрым өндүрүүчүлөр химиялык заттарды колдонушат. Бизде жер семирткичтерди механикалык жол менен алган ишканалар бар. Заводду иштетүүдө экологияга зыяны тийбеши жана түтүнсүз өндүрүш түзүлүүсү үчүн ушундай ыкманы колдонуу зарыл", - деди ал


