Коопсуз өлкө: "Автоураган" комплекстери кайсы жолдордо иштеп жатат?
Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жол кыймылын көзөмөлдөө максатында заманбап санариптик технологияларды жигердүү киргизүүдө Ведомствонун маалыматына караганда, "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында өлкөнүн негизги унаа жолдорунда интеллектуалдык в

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жол кыймылын көзөмөлдөө максатында заманбап санариптик технологияларды жигердүү киргизүүдө Ведомствонун маалыматына караганда, "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында өлкөнүн негизги унаа жолдорунда интеллектуалдык видеобайкоо камералары, аппараттык-программалык комплекстер жана мобилдик көзөмөлдөө тутумдары этап-этабы менен орнотулуп, ишке берилүүдө Бүгүнкү күндө заманбап мониторинг тутумдары Бишкек шаарынын аймагында, ошондой эле Бишкек – Кордой, Бишкек – Нарын – Торугарт, Бишкек – Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол жана Бишкек – Ош унаа жолдорунун айрым тилкелеринде иштеп жатат


