Автоунаага газ коюунун эрежелерин сактабоо жарылууга алып келет
Газ унаа айдоочулар үчүн экономикалык жана экологиялык жактан натыйжалуу суюк отун болуп саналат. Бирок айрым айдоочулар унаага газ баллондорун орнотууда коопсуздук эрежелери сакталбаса, жарылууга алып келерин эске алышпайт. Мындан тышкары, газ толтуруучу станциялар талаптарды так аткарышы керек. Ас

Газ унаа айдоочулар үчүн экономикалык жана экологиялык жактан натыйжалуу суюк отун болуп саналат. Бирок айрым айдоочулар унаага газ баллондорун орнотууда коопсуздук эрежелери сакталбаса, жарылууга алып келерин эске алышпайт. Мындан тышкары, газ толтуруучу станциялар талаптарды так аткарышы керек. Астанада көчөнүн ортосунда унаа өзүнөн өзү күйүп кеткенден кийин кабарчыбыз бул маселени иликтеп көрдү Кечээ эле Астанада көчөнүн ортосунда унаа өрттөнүп, 5 адам жабыркады. Алардын бири бала. Дарыгерлер бейтаптардын абалы оор экенин айтышууда. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Күбөлөрдүн айтымында, жарылууга газ себеп болгон. Бул окуядан кийин газ менен жүрүүчү унаалардын коопсуздугу тынчсыздануу жаратты Айсамал Куспанова, айдоочу: Айболат Нуржаков, айдоочу: Жеке ишкер Бокен Казакбаев 11 жылдан бери газ орнотуу жана унааларды оңдоо иштерин жүргүзүп келет. Ал газ менен иштеген унааңызды кеминде алты ай сайын диагностикалоону сунуштайт. Ал эми газ жабдуулары туура орнотулуп, жылына эки жолу техникалык кароодон өтүп турса, эч кандай коркунуч жок дейт эксперт Бокен Казакбаев, жеке ишкер: Дээрлик бардык унаалары газ менен жабдылган Мангыстау облусунда 600гө жакын газ толтуруучу станциялар бар. Алардын коопсуздугу жылына бир жолу компетенттүү орган тарабынан текшерилет Бауыржан Алдамжаров, «Маңғыстау автогаз» бирикмесинин төрагасы: Май куюучу жайларда коопсуздукту жогорулатуу максатында азыр май куюучу жайлардын муздак кору атайын казылган жерге жайгаштырылды. Ишкерлер бул талапты 5 жылдын ичинде аткарышы керек. Бул дагы газ коркунучунун алдын алууга олуттуу салым кошот


