Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кытайлык компания Казакстанда тигүү фабрикасын ачууну пландоодо

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайдын “Синьцзян Лихуа” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Чжан Цихай менен өлкөдөгү пахта жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүү маселелерин талкуулады Акорданын маалыматына ылайык, Чжан Цихай жыйында Казакстанда буга чейин пахтаны кайра иштетүү

0 көрүүazattyqasia.org
Кытайлык компания Казакстанда тигүү фабрикасын ачууну пландоодо
Paylaş:

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайдын “Синьцзян Лихуа” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Чжан Цихай менен өлкөдөгү пахта жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүү маселелерин талкуулады Акорданын маалыматына ылайык, Чжан Цихай жыйында Казакстанда буга чейин пахтаны кайра иштетүүчү эки завод ишке киргизилгенин, жакынкы арада кездеме жана кийим чыгаруучу фабриканы ишке киргизүү пландалып жатканын билдирди. Казакстан менен Синьцзян Лихуа пахта өстүрүүдөн баштап, даяр кийимдерди чыгарууга чейинки толук циклди түзүүгө ниеттенүүдө. Тараптардын эсеби боюнча, долбоорду ишке ашыруу пахта айдоо аянтын 52 миң гектарга чейин жеткирет Астана пахта-текстиль кластерине 360 миллион доллар инвестиция тартып, 4 миңден ашык жумушчу орун түзүүнү күтүүдө Токаев сууну үнөмдөөчү технологияларды кеңири жайылтуу зарылдыгын белгилеп, ресурсту көп талап кылган пахта тармагында жасалма интеллектке негизделген “акылдуу” санариптик чечимдерди жана системаларды колдонууну сунуштады Үстүбүздөгү жылдын январь айында Синьцзян Лихуа Түркстан аймагындагы пахта-текстиль кластерине 450 миллион доллардан 600 миллион долларга чейин инвестициялоо планын жарыялаган. Бул тууралуу «Kazakh Invest» улуттук компаниясы билдирди Синьцзян Лихуа Кытай менен Шинжаңдагы эң ири пахта жана кийим өндүрүүчүлөрдүн бири болуп эсептелет. Синьцзяндагы лагерлерде азчылыктар репрессияланып, камалып жатканы тууралуу кабарлардан улам дүйнөлүк бренддер буга чейин кытайлык пахта өндүрүүчүгө бойкот жарыялашкан Укук коргоочулардын Кытай пахта өндүрүшүндө азчылыктын эмгегин колдонот деген дооматынан кийин H&M, Zara, Nike, Adidas, Puma, Burberry жана Converse сыяктуу бренддер пахта жана кездемелерди Кытайдан алуудан баш тартышты Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler