Кендирбаева кыргыз тилиндеги предметтерди окутуунун айланасындагы талаш-тартыштарга токтолду
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева мектептеги билим берүүнүн алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сүйлөгөн сөзүнө токтолду Эскерте кетсек, министр 3-июнда Биринчи радиого берген маегинде келечекте айрым сабактар мамлекеттик тилде окутула турганын билдирген. Бул социалдык тармактарда

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева мектептеги билим берүүнүн алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сүйлөгөн сөзүнө токтолду Эскерте кетсек, министр 3-июнда Биринчи радиого берген маегинде келечекте айрым сабактар мамлекеттик тилде окутула турганын билдирген. Бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, ага байланыштуу министр кененирээк түшүндүрмө берүүнү чечти «Эмне үчүн кыргыз тилине өзгөчө көңүл бурулуп, колдоого муктаж? 2023-жылдагы Улуттук кыргыз тили изилдөөсү окуучулардын окуу жана түшүнүү көндүмдөрүнүн 50%дан ашыгы негизги талаптарга жооп бербей турганын көрсөттү Кыргыз тили өзгөчө колдоону талап кылат, анткени мындай темп менен кете берсе, тил жоголуу алдында турган кичинекей тилдердин катарына кошулушу мүмкүн Эгерде Кыргызстандын ар бир жараны кыргыз тилин жакшы өздөштүрө албаса, мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык, маданий турмушуна жана бизнес тармагына ишенимдүү катышып, ийгиликтүү лидер боло албайт. Демек, мамлекеттик тилди билүү мамлекеттик кызматта да, тейлөө тармагында да милдеттүү талап. Мен мамлекеттик тилди билбеген бир дагы бала өз өлкөсүндө өзүн начар сезүүнү каалабайм Мен өз сөзүмдө тил аркылуу биригүү, коомдук ынтымакты чыңдоо, ошондой эле Кыргызстандын тарыхы же география сыяктуу айрым предметтерди кыргыз тилинде окутуу келечекте тилди өздөштүрүүнүн ийгиликтүү ыкмаларынын бири катары караса болорун айттым Анткени эки тилдүү система же бир нече тил колдонулган ондогон мектептерде буга чейин ийгиликтүү тажрыйба бар Мамлекеттик тил боюнча конституциялык мыйзамдын алкагында орус тилдүү мектептерде паритеттик негизде кыргыз тилиндеги биринчи класстар ачылууда. Өз мамлекетибизде өз тилибизди куугунтукташыбыз керекпи?» - деп жазган министр Билим берүү министрлигинин башчысы ошондой эле Кыргызстанда орус тили конституциялык жактан колдоого алынганын баса белгиледи. Ал расмий тил деген статуска ээ, мыйзамдын талабы толук сакталган Кендирбаева өткөн жылы кыргыз тили үчүн каралган бир саат математикага которулса, быйыл кайра кайтарылганын эске салды 12 жылдык билим берүүнү талкуулоо боюнча министр өлкө буга чейин жаңы моделге өткөнүн белгиледи Окуу китептеринин жетишсиздиги тууралуу талкууга байланыштуу министр бул маселе чечилип жатканын билдирди. Бул жылдар аралыгында 3 миллионго жакын китеп басылып чыкса, 2024/25-окуу жылында 4,6 миллионго жакын жаңы муундагы окуу китептери басылып чыккан. Быйыл жаңы окуу китептери да чыгарылат


