Түркияда өтүп жаткан жаа атуу боюнча дүйнө чемпионатында Казакстан кайрадан алдыңкы ондукка кирди
Казакстан курама командасынын өкүлдөрү эл аралык турнирде дагы мыкты ондуктун катарына кирди Комплекстүү жаа атуу боюнча аралаш командалар арасындагы мелдеште Виктория Лян менен Акбарали Карабаев Дүйнө кубогунун баскычында чейрек финалга чыгышты. Бул турда казакстандык жаачылар Мексиканын командасы

Казакстан курама командасынын өкүлдөрү эл аралык турнирде дагы мыкты ондуктун катарына кирди Комплекстүү жаа атуу боюнча аралаш командалар арасындагы мелдеште Виктория Лян менен Акбарали Карабаев Дүйнө кубогунун баскычында чейрек финалга чыгышты. Бул турда казакстандык жаачылар Мексиканын командасы менен беттешти. Беттеште атаандаштар жецишти — 158:155. Жыйынтыктоочу протоколдо Лян менен Карабаев алтынчы орунду ээлешти Белгилей кетсек, чейрек финалга чыгуу жолунда казакстандыктар Малайзия менен Германияны жеңип алышкан Бир күн мурун Виктория Лян, Диана Юнусова жана Адель Жексенбинова кыз-келиндердин командалык таймашында жетинчи орунду ээлешти. Эркектер программасында Акбарали Карабаев, Муса Дилмухамет жана Андрей Тютюн онунчу болуп бүтүштү Буга чейин Түркияда өткөн жаа атуу боюнча дүйнө чемпионатында Казакстан эки жолу алдыңкы ондукка киргени маалымдалган


