Жасалма уруктандыруунун алгачкы натыйжалары: Кыргызстандын дыйкандары асыл тукум музоолорду ала башташты
Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө багытталган жасалма жол менен уруктандыруу боюнча мамлекеттик программа алгачкы жыйынтыктарды бере баштады. Быйыл асыл тукум букалардын уругу менен уруктанган уйлардан алгачкы музоолор алынып, былтыркы жылы дыйкандарга б

Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө багытталган жасалма жол менен уруктандыруу боюнча мамлекеттик программа алгачкы жыйынтыктарды бере баштады. Быйыл асыл тукум букалардын уругу менен уруктанган уйлардан алгачкы музоолор алынып, былтыркы жылы дыйкандарга бекер берилген. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди 2025-жылы жасалма уруктандырууну өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 60 миллион сом бөлүнгөн. 200 мицден кем эмес уйларды жана кунаажындарды жасалма жол менен уруктандырууну жургузуу белгиленген. Бул максатка жетуу учун Айыл чарба министрлиги Швейцария менен Россия Федерациясынан асыл тукум букалардан сапаттуу урук сатып алды Учурда Кыргызстандын климаттык шарттарын эске алуу менен тандалып алынган төмөнкү төрт породадагы букалардын уруктары колдонулат: * Голштейн-Фриз * Симментал * Швиц * Абердин-Ангус Бул породалар жогорку сүт жана эт продуктуулугу, ошондой эле жергиликтүү шарттарга тез көнүү жөндөмдүүлүгү менен айырмаланат

