Казакстан Пашинянды четке какты
Казакстан азыр Армениянын темир жолдору үчүн орус концессиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй жатат. Бул тууралуу «Интерфакс-Казакстанга» «Казакстан темир жолу» ААКсы (КТЖ) жана республиканын Транспорт министрлигинен билдиришти Эске сала кетсек, буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Па

Казакстан азыр Армениянын темир жолдору үчүн орус концессиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй жатат. Бул тууралуу «Интерфакс-Казакстанга» «Казакстан темир жолу» ААКсы (КТЖ) жана республиканын Транспорт министрлигинен билдиришти Эске сала кетсек, буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусияга Армениядагы темир жол концессиясын эки тарапка тең дос өлкөгө, мисалы Казакстанга сатууну сунуштаган. Ошол эле учурда орус тарап мындай операцияны ишке ашырууга ниети жок экенин билдирген Арменияда иштеп жаткан «Түштүк Кавказ темир жолу» ЖАК (ТКР) «Россия темир жолу» ААКсынын (РЖД) 100% туунду ишканасы болуп саналат. Орус темир жолу менен Армениянын ортосундагы концессиялык келишимге 2008-жылы кол коюлган. Документ 30 жылга, дагы 10 жылга узартуу укугу менен кол коюлган


