Кыргыз Республикасында май куюучу жайлардын жоктугунан дыйкандар күйүүчү-майлоочу майларды жергиликтүү жерден кымбат баада сатып алууда -
Кыргызстанда май куюучу жайлардын жоктугунан дыйкандар күйүүчү-майлоочу майларды жергиликтүү жерден кымбат баада сатып алышат. Бул тууралуу бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Суу чарба жана өнөр жай минист

Кыргызстанда май куюучу жайлардын жоктугунан дыйкандар күйүүчү-майлоочу майларды жергиликтүү жерден кымбат баада сатып алышат. Бул тууралуу бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Суу чарба жана өнөр жай министрлигинин башчысынын орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди Анын айтымында, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу күйүүчү-майлоочу майларды Red Petroleum май куюучу жайлары аркылуу, 7 миң тонна күйүүчү-майлоочу майларды 74 сомдон сатуу пландалууда «Бирок практика көрсөткөндөй, бул ишканада май куюучу станциялар жетишсиз, өзгөчө Нарын облусунда жана Чаткалда.Көптөгөн дыйкандар алыскы сапарга барууну каалашпайт, андыктан күйүүчү-майлоочу майларды жергиликтүү жерден кымбат баада сатып алышат.Ошондуктан келерки жылы дагы бир компанияны кошуу маселеси туулат, ал аркылуу дыйкандарга күйүүчү-майлоочу майларды сата алабыз.Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу майларды мамлекеттик резерв аркылуу көбөйтүү зарыл20. тонна», - деп белгиледи Мирбек Дүйшеев Жыйында белгиленгендей, күйүүчү-майлоочу майдын баасы базар баасы боюнча 84 сом болуп, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун резервинен 10 сомго кымбат «Жалпысынан республика боюнча жазгы талаа иштерине 54 миң тонна күйүүчү-майлоочу май керектелет – 42 миң тонна солярка, 12 миң тонна бензин. Нефтебазаларда жана май куюучу жайларда күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү көлөмү бар», - деп кошумчалады министрдин орун басары Эл өкүлдөрү дыйкандарга жасалып жаткан мамлекеттик колдоолор жана Red Petroleum май куюучу жайларда күйүүчү-майлоочу майлардын бар экендиги тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү өтүнүштү "10 сом – бул күйүүчү-майлоочу майдын литрине болгон баадагы базар баасы менен дыйкандарга мамлекеттик колдоонун ортосундагы олуттуу айырма. Күйүүчү-майлоочу майдын баасы акырында өндүрүлгөн продукциянын баасына таасирин тийгизгендиктен, күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада кайдан сатып алса болорун калкка маалымдоо керек", - деп кошумчалады эл өкүлү Алишер Козуев


