Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Швециялык басылма Азербайжандын элчисинин Түндүк Европа менен Түштүк Кавказдын экологиялык кызматташтыгы тууралуу макаласын жарыялады

Швециядагы чет өлкөлүк элчиликтердин саясатчылары жана кызматкерлери үчүн түзүлгөн маалымат платформасы болгон “Diplomatic World Sweden” сайтында Азербайжандын Швециядагы элчиси Заур Ахмадовдун Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө, климаттын өзгөрүшүнө, туруктуу өнүгүүсүнө жана айлана-чөйрөн

0 көрүүazertag.az
Швециялык басылма Азербайжандын элчисинин Түндүк Европа менен Түштүк Кавказдын экологиялык кызматташтыгы тууралуу макаласын жарыялады
Paylaş:

Швециядагы чет өлкөлүк элчиликтердин саясатчылары жана кызматкерлери үчүн түзүлгөн маалымат платформасы болгон “Diplomatic World Sweden” сайтында Азербайжандын Швециядагы элчиси Заур Ахмадовдун Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө, климаттын өзгөрүшүнө, туруктуу өнүгүүсүнө жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык кызматташууга арналган макаласы жарыяланды Turmush - Дипломат «Балтика деңизинен Каспий деңизине чейин» деген макаласында климаттын өзгөрүшү, суунун тартыштыгы жана биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу сыяктуу заманбап экологиялык чакырыктар мамлекеттер менен эл аралык уюмдардын биргелешкен аракеттерин талап кылаарын белгилеген. Автор Бакуда өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын Конференциясынын 29-сессиясынын (COP29) маанилүүлүгүн, ошондой эле климатты каржылоо, шаарды туруктуу өнүктүрүү жана жашыл өткөөл маселелери талкууланган Бүткүл дүйнөлүк шаарды өнүктүрүү форумунун (WUF13) маанилүүлүгүн белгиледи Макалада Каспий деңизинин экологиялык көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурулган. Акыркы он жылдыктарда Каспий деңизиндеги суунун деңгээли бир топ азайып, жээктеги мамлекеттердин экосистемасына, биологиялык ар түрдүүлүккө, кеме транспортуна жана экономикасына таасирин тийгизип жатканы белгиленди З.Ахмадов ошондой эле Азербайжанда кайра жаралуучу энергия тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор, «Акылдуу шаарлар» жана айылдардын курулушу, экологиялык маданияттын көтөрүлүшү жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган коомдук демилгелер тууралуу жазды. Автордун айтымында, Азербайжан менен Скандинавия өлкөлөрүнүн ортосунда жашыл энергетика, суу ресурстарын башкаруу, туруктуу шаар куруу жана экологиялык технологиялар жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жалпы экологиялык көйгөйлөрдүн натыйжалуу чечимдерин издөөгө салым кошо алат Соңунда элчи климат, суу ресурстары жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо маселелери эл аралык кызматташтыкты талап кыларын, ал эми Балтика деңизинен Каспий деңизине чейинки аймактардын өнөктөштүгү туруктуу өнүгүүгө жана келечек муундардын бакубаттуулугуна салым кошо аларын баса белгиледи 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек

Kaynak: azertag.az

Diğer Haberler

İsveç nəşrində Azərbaycan səfirinin Şimali Avropa ilə Cənubi Qafqaz arasında ətraf mühit sahəsində əməkdaşlıq barədə məqaləsi dərc olunub | Tenqri