Ирандын Кувейттеги базага жасаган чабуулунан 15 америкалык аскер жараат алды
Ирандын Кувейттеги Али ал-Салим авиабазасына учкучсуз учактын чабуулунан 15 америкалык аскер жараат алды Бул тууралуу маалымат булактарына шилтеме берүү менен CBS News басылмасы жазып чыкты Телеканал менен сүйлөшкөн эки америкалык аткаминер учкучсуз учактын чабуулунун айрым деталдарын ачыктады. А

Ирандын Кувейттеги Али ал-Салим авиабазасына учкучсуз учактын чабуулунан 15 америкалык аскер жараат алды Бул тууралуу маалымат булактарына шилтеме берүү менен CBS News басылмасы жазып чыкты Телеканал менен сүйлөшкөн эки америкалык аткаминер учкучсуз учактын чабуулунун айрым деталдарын ачыктады. Авиабазага кол салуу түн ичинде болгону белгиленген. Ошол эле учурда жарадар болгон аскерлердин айрымдары кызматына кайтып келгени кабарланууда Эске сала кетсек, АКШ менен Израил 28-февралда Иранга каршы аскердик операциясын баштап, бир катар шаарларга абадан сокку урган. Ошол эле күнү Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи соккулардын натыйжасында өлтүрүлгөн. Буга жооп кылып Иран Израилдин аймагына ракета учуруп, Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү АКШнын аскерий базаларына чабуул жасаган. Кырдаалга байланыштуу аймактын айрым штаттары аба мейкиндигин убактылуу жапты Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


