Иран менен АКШ аскерлери бири-бирине абадан ок атышты
Ирандын айланасындагы кырдаал кайра курчуп баратат. Өткөн күнү АКШ Ислам Республикасына экинчи жолу сокку урду. Кол салууга дуушар болгон объектилердин арасында аскердик байкоочу жабдуулар, байланыш системалары жана абадан коргонуу каражаттары бар. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгы билдирд

Ирандын айланасындагы кырдаал кайра курчуп баратат. Өткөн күнү АКШ Ислам Республикасына экинчи жолу сокку урду. Кол салууга дуушар болгон объектилердин арасында аскердик байкоочу жабдуулар, байланыш системалары жана абадан коргонуу каражаттары бар. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгы билдирди. Ал эми президент Дональд Трамптын айтымында, америкалык аскерлер 100 миллион баррел мунай жүктөлгөн кемелердин Ормуз кысыгы аркылуу өтүшүнө жардам берген. Тегеран АКШдан өч алуу үчүн Кувейт, Бахрейн жана Иорданиядагы аскерий базаларын ракета менен аткылаган. Дагы бир айта кете турган нерсе, Вашингтон Иран Ормузду толук жапты деген маалыматты четке кагууда


