Иран өзүнүн аба мейкиндигин ачты - ЖАҢЫРТУУ
Ирандын аба мейкиндигинде учууга коюлган бардык чектөөлөр алынып салынды Бул тууралуу Ирандын жарандык авиация уюму кабарлады «Коопсуз шарттар түзүлгөндөн жана тийиштүү органдар менен зарыл макулдашуудан кийин учууларга коюлган чектөөлөр алынып, өлкөнүн авиациялык ишмердүүлүгү планга ылайык акырын

Ирандын аба мейкиндигинде учууга коюлган бардык чектөөлөр алынып салынды Бул тууралуу Ирандын жарандык авиация уюму кабарлады «Коопсуз шарттар түзүлгөндөн жана тийиштүү органдар менен зарыл макулдашуудан кийин учууларга коюлган чектөөлөр алынып, өлкөнүн авиациялык ишмердүүлүгү планга ылайык акырындык менен кадимки режимге кайтып келүүдө», — деп айтылат маалыматта Иран өкмөтү аба мейкиндигин жаап салганын жарыялады Бул тууралуу "Аль-Жазира" "Mehr" маалымат агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты Бардык ички каттамдар да токтотулганы белгиленди. Чектөөлөр кийинки билдирүүгө чейин күчүндө болот Эске сала кетсек, 7-июндан 8-июнга караган түнү Иран Израилге ракеталык чабуул жасаган. Тегеран чабуулун Израилдин Коргоо күчтөрүнүн Ливандагы "Хезболла" радикал уюмуна каршы уланып жаткан операциясына негиздеди. Буга жооп иретинде Израилдин армиясы Ирандын борбордук жана батыш аймактарындагы аскерий объектилерге чабуул жасаган АКШнын президенти Дональд Трамп "Truth Social" социалдык тармагында Израил менен Ирандан соккуларды алмашууну токтоосуз токтотууну талап кылды. Андан көп узабай иран тарап Израилге сокку уруулар токтогонун жарыялады. Анткен менен Иран Ливандагы кырдаал курчуп кетсе, жаңы чабуулдарды жасайбыз деп коркутту Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


