Инфантино Дүйнө чемпиондугунун финалына 2 миллион долларга билет алган адамга хот-дог менен кола алып берүүнү убада кылды
Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун финалына 2 миллион долларга билет алгандарга хот-дог жана бир бөтөлкө кока-кола алып берерин билдирди Анын сөздөрүн L'Équipe басылмасы жазып чыкты "Эгерде кимдир бирөө финалга 2 миллион дол

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун финалына 2 миллион долларга билет алгандарга хот-дог жана бир бөтөлкө кока-кола алып берерин билдирди Анын сөздөрүн L'Équipe басылмасы жазып чыкты "Эгерде кимдир бирөө финалга 2 миллион долларлык билет сатып алса, мен аларга хот-дог жана кока-кола алып келем, алар жакшы убакыт өткөрүшөт" деди ал Инфантино 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка билеттердин баасын суроо-талаптын жогору болушу жана аларды АКШда кайра сатууга уруксаттын болушу менен түшүндүрдү "Биз рынокту эске алышыбыз керек, биз оюн-зоок рыногу дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөдө жашап жатабыз. Андыктан биз базар баасын колдонушубуз керек", - деди ФИФА жетекчиси. "Кээ бирөөлөр биздин баалар кымбат деп талашса дагы, бул билеттер дагы эки эсе кымбатка сатылууда."


