Эрдоган - Гутерреш жолугушуусунда Кипр детальдары
Түркиянын президенти Эрдоган БУУнун баш катчысы Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөштү Байланыш директорлугунан берилген маалыматка караганда жолугушууда аймактык жана глобалдык өнүгүүлөр талкууланды. Эрдоган Түркия катары өзгөчө Иран, Газа жана Африка мүйүзүндө көптөгөн географияларда тынчтык жан

Түркиянын президенти Эрдоган БУУнун баш катчысы Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөштү Байланыш директорлугунан берилген маалыматка караганда жолугушууда аймактык жана глобалдык өнүгүүлөр талкууланды. Эрдоган Түркия катары өзгөчө Иран, Газа жана Африка мүйүзүндө көптөгөн географияларда тынчтык жана ырааттуулукту орнотуу үчүн аракет кылып жаткандарын белгиледи. Эрдоган АКШ менен Ирандын ортосундагы маселелердин дипломатиялык жол менен чечилүү мүмкүнчүлүгүн абдан жакшы баалоо керектигин, эл аралык коомчулук процесстин саботажга алынышын алдын алууга милдеттүү экенин айтты. Президент Эрдоган БУУнун миссияларынын Сириядагы иш-аракеттерин эффективдүү улантуусунун маанилүү экенин жана Түркиянын бул багытта керектүү колдоону уланта турганын айтты. Жолугушууда Кипр аралындагы акыркы абал, Газа жана Ливандагы гуманитардык абал да талкууланды


