Курулуш министерствосунун начальниги эки ири шаардын курулушунун журушу менен таанышты -
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги “Алтай” шаарчасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты Аткаминер курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын жана курулуштун бекитилген графигинин сакталышын күн сайын көзөмөлгө алууну тапшырды. Мындан тышкары, ар бир

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги “Алтай” шаарчасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты Аткаминер курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын жана курулуштун бекитилген графигинин сакталышын күн сайын көзөмөлгө алууну тапшырды. Мындан тышкары, ар бир курулуш объектисинде аткарылган иштер боюнча өз убагында отчет берүү менен жооптуу адистер тарабынан такай көзөмөл жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи Нурдан Орунтаев ошондой эле курулуш иштери чындап башталып, активдүү фазада турган кварталдарда гана батирлерди сатууну тапшырды. Бул чара жарандардын кызыкчылыктарын жана коопсуздугун камсыздоого багытталган Бүгүнкү күндө 600гө жакын кварталдын аймагында дренаждык системаларды орнотуу иштери аяктады. Ошол эле учурда арматура торлорун токуу жана кийинки бетондоо үчүн фундаменттерди даярдоо иштери жүрүп жатат Алтай шаарчасы өлкөдөгү эң ири турак-жай курулуштарынын бири жана 234 гектар аянтты ээлейт. Долбоор боюнча 1551 беш кабаттуу көп кабаттуу үйлөрдү куруу каралган. Бардыгы болуп ар турдуу пландагы 34 мицден ашык квартира пландаштырылып, жалпы курулуш аянты 1 миллион 7 миц чарчы метрден ашат Долбоорго ылайык, шаарда социалдык инфраструктуралык объектилерди, анын ичинде мектептерди, бала бакчаларды, поликлиникаларды, ооруканаларды, реабилитациялык борборлорду, ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүн, ошондой эле өрткө каршы жана куткаруу кызматынын борборлорун куруу каралган Ошондой эле 7-июнда Нурдан Орунтаев борбор калаадагы Royal Central Park көп функционалдуу комплексинин көп кабаттуу турак жай объекттеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты Бүгүнкү күндө долбоордун биринчи этабынын алкагында беш блоктун казуу иштери толугу менен аяктады. Эки блокто фундаменталдык плита жана бетон иштерине даярдык иштери бүткөрүлүп, монолиттүү конструкцияларды куруу уланууда. Мындан тышкары аймакты жакшыртуу жана инженердик инфраструктураны даярдоо иштери жүрүп жатат Долбоорго ылайык, комплекс 39 блоктон туруп, 26 миң батирди камтыйт. Биринчи этапта бийиктиги 29 кабаттуу беш блокту куруу каралган. Комплекстин аймагында турак жайлардан тышкары коомдук жайлар, жашыл зоналар жана заманбап инфраструктура түзүлүүдө Министр курулуш иштеринин жогорку сапатын камсыз кылуу жана шаар куруу жана курулуш мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, ал шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле жеке инвесторлорду колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калаарын белгиледи Белгилей кетсек, Royal Central Park мурдагы Ак-Кула ипподромунун аймагында ишке ашырылып жаткан ири шаар куруу долбоорлорунун бири. Долбоор турак-жай, коомдук жана соода объектилерин курууну, ошондой эле эс алуучу жана жашыл аймактарды түзүүнү карайт


