IDF Башкы штабынын начальниги 2 миңден ашык “Хезболла” мүчөсүнүн жок кылынгандыгын жарыялады
Израилдин коргонуу күчтөрү (IDF) Ливандын жарым аскерлештирилген "Хезболла" уюмунун эки миңден ашуун мүчөсүн жок кылды Бул тууралуу Израилдин армиясынын генералдык штабынын башчысы Эйал Замир Ливандын түштүгүндөгү сапары учурунда билдирди "Арстандын күркүрөгөнү операциясы башталгандан бери (28-ф

Израилдин коргонуу күчтөрү (IDF) Ливандын жарым аскерлештирилген "Хезболла" уюмунун эки миңден ашуун мүчөсүн жок кылды Бул тууралуу Израилдин армиясынын генералдык штабынын башчысы Эйал Замир Ливандын түштүгүндөгү сапары учурунда билдирди "Арстандын күркүрөгөнү операциясы башталгандан бери (28-февралдан бери - ред.) 2 миңден ашык "Хезболланын" террористтери жок кылынды. Биз "Хезболланын" жеңилүүсүн тереңдетүү жана аны алсыратууну улантуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланабыз", - деди Замир Анын айтымында, коопсуздук камсыз кылынмайынча жана Израилдин түндүгүндөгү конуштар жана шаарлар үчүн узак мөөнөттүү чечим табылмайынча Израил армиясы түштүк Ливандын аймагынан чыкпайт Ливан менен Израилдин ортосундагы кырдаал жарашууну орнотуу аракетине карабастан абдан курч бойдон калууда


