УКМК Бишкек Жылуулук электр борборунун директорунун орун басарын кармады
УКМК тарабынан Бишкек Жылуулук электр борборунун директорунун орун басары Р.Т УКМКнын маалыматына караганда, ТЭЦтин, Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары, ошондой эле «АГ» ЖЧКсынын жооптуу адамд

УКМК тарабынан Бишкек Жылуулук электр борборунун директорунун орун басары Р.Т УКМКнын маалыматына караганда, ТЭЦтин, Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары, ошондой эле «АГ» ЖЧКсынын жооптуу адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды Белгиленгендей, 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын январына чейин аталган кызмат адамдарынын ортосунда жеткирилген көмүрдүн сапатын жасалма түрдө ашыкча баалоодо көрсөтүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бурмалоо менен коррупциялык схема уюштурулган Кызыкдар тараптардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 20 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилип, жылуулук мезгилинин туруктуу өтүшүнө жана борбор калаанын энергетика тармагынын ишенимдүү иштешине реалдуу коркунуч жаралганын УКМК билдирди Топтолгон материалдардын негизинде ТЭЦтин директорунун орун басары кармалып, КР МУККнын СИЗОсуна киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат Белгилей кетсек, ТЭЦтин директорунун орун басары Таштанов Рустам Абдурасулович Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу


