Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү делген үч адам кармалганын билдирди

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өлкөдө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө катышкан деп шектелген үч адам Бишкекте кармалганын билдирди. Бул тууралуу аталган башкармалык 10-апрелде билдирди Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалг

0 көрүүazattyqasia.org
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү делген үч адам кармалганын билдирди
Paylaş:

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өлкөдө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө катышкан деп шектелген үч адам Бишкекте кармалганын билдирди. Бул тууралуу аталган башкармалык 10-апрелде билдирди Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалгандар экстремисттик идеологияны жайылтып, жаңы тарапкерлерин тартып жатышкан. Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда уюмдун чет өлкөдө басылып чыккан басма материалдары алынды Буга чейин 9-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети да Сириядагы согушка катышкан деген шек менен Кыргызстандын жараны кармалганын билдирген. Ведомстводон билдиришкендей, сурак учурунда ал террордук уюмдун ишинин маңызын түшүнүп, Сириядан чыгып, Түркия аркылуу Кыргызстанга кайтып келгенин билдирген Атайын кызмат Кыргызстанда экстремисттик же террористтик деп табылган уюмдардын ишине катышуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти Учурда Кыргызстанда соттун чечими менен бир катар бирикмелердин, анын ичинде “Аль-Каида”, “Хизб ут-Тахрир”, “Ислам мамлекети” (ИШИМ), “Жабхат ан-Нусра” жана башка уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler