Германиянын тажрыйбасы изилденип жатат
Тараптар окуу жайлары менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын институционалдык негиздерин, студенттердин теориялык билимин практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруу тажрыйбасын, эмгек рыногунун стандарттарына жооп берген жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун көйгөйлөрүнө басым жасоо

Тараптар окуу жайлары менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын институционалдык негиздерин, студенттердин теориялык билимин практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруу тажрыйбасын, эмгек рыногунун стандарттарына жооп берген жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун көйгөйлөрүнө басым жасоо менен Германияда дуалдык билим берүүнү кантип натыйжалуу уюштурууну талкуулашты Университеттин адистери Анхальт прикладдык илимдер университетинде дуалдык билим берүү программалары боюнча презентация жасашты. Алар бул системанын негизги артыкчылыктарын, анын ичинде билим берүү менен ишканалардын интеграциясын, ошондой эле студенттердин окуу учурунда практикалык тажрыйба топтоп, киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты Делегациянын мучелеру университеттин окуу корпустарын, илимий лабораторияларын жана окуу-ендуруштук базаларын кыдырып чыгышты. Алар студенттер үчүн түзүлгөн шарттар, инновациялык технологиялар жана колдонулуп жаткан окутуу усулдары менен таанышты Дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү, эмгек рыногун жана иш берүүчүлөрдүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн билим берүү программаларын өркүндөтүү, мугалимдер менен студенттердин академиялык алмашуусун кеңейтүү, биргелешкен билим берүү демилгелерин жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө боюнча талкуу болду Мухайё Тошқораева, УзА


