Галибаф: АКШ Иранды капитуляцияга мажбурлоого аракет кылууда
Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф АКШ өлкөнү капитуляцияга мажбурлоо үчүн ар кандай кысым көрсөтүү ыкмаларын колдонуп жатканын билдирди Бул тууралуу FARS агенттиги билдирет "Душман өзүнүн жаңы планына ылайык, деңиз блокадасын, экономикалык басымды жана медиа кампаниясын колдонуп

Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф АКШ өлкөнү капитуляцияга мажбурлоо үчүн ар кандай кысым көрсөтүү ыкмаларын колдонуп жатканын билдирди Бул тууралуу FARS агенттиги билдирет "Душман өзүнүн жаңы планына ылайык, деңиз блокадасын, экономикалык басымды жана медиа кампаниясын колдонуп, бизди багынып берүүгө мажбурлоо үчүн өлкөнүн биримдигин бузууга аракет кылууда" деди ал элге аудио кайрылуусунда Галибафтын айтымында, Тегеран дагы эле аскердик чабуул коркунучун жогору деп эсептейт. Ошол эле учурда АКШнын планынын бир бөлүгү, анын пикиринде, Иранды ичинен алсыратууга багытталган "Душман экономикалык басымга көп ишенип жатат. Ага дагы бир жолу туура эмес отчеттор берилип, ошол билдирүүлөрдүн негизинде туура эмес чечим чыгарганы көрүнүп турат. Бул туура эмес чечим баарына кыйынчылык алып келет", - деп кошумчалады спикер


