Франциянын президенттигине талапкер өлкөнүн НАТОдон чыгышын каалайт
"Франция НАТОдон чыгып, жаңы аскерий коалициядан баш тартышы керек" Бул тууралуу президенттикке талапкер, “Кайсылбас Франция” партиясынын лидери Жан-Люк Меленшон билдирди "НАТОдо калуу жана Азия-Тынч океан аймагынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн Австралия, Жаңы Зеландия жана Улуу Британия менен түзүлгөн

"Франция НАТОдон чыгып, жаңы аскерий коалициядан баш тартышы керек" Бул тууралуу президенттикке талапкер, “Кайсылбас Франция” партиясынын лидери Жан-Люк Меленшон билдирди "НАТОдо калуу жана Азия-Тынч океан аймагынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн Австралия, Жаңы Зеландия жана Улуу Британия менен түзүлгөн окшош жаңы аскерий коалицияларга кирүү маселеси жок", - деди саясатчы Ал ошондой эле Европа Биримдигинин башка өлкөлөрү менен коргонуу келишимдерин сактоого каршы чыкты Меленшон Франциянын Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмунан чыгышын бир нече жылдан бери колдоп келет. Саясатчы Франция өз алдынча саясат жүргүзүп, түрдүү өлкөлөр, анын ичинде Орусия жана Кытай менен мамиле түзүшү керек деп эсептейт


