Филиппиндеги жер титирөөдөн кийин 10 миңдей үй-бүлө үйлөрүн таштап кетишти
Филиппинде болгон 7,8 баллдык жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 35ке жетти.Кыйратуучу жер титирөөдөн жабыркаган Минданао аралында издөө-куткаруу иштери уланууда. Бул жер титирөөдөн кийин Филиппин, Австралия, Индонезия, Жапонияда цунами коркунучу тууралуу эскертүү бир нече сааттан кийин жокко чыга

Филиппинде болгон 7,8 баллдык жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 35ке жетти.Кыйратуучу жер титирөөдөн жабыркаган Минданао аралында издөө-куткаруу иштери уланууда. Бул жер титирөөдөн кийин Филиппин, Австралия, Индонезия, Жапонияда цунами коркунучу тууралуу эскертүү бир нече сааттан кийин жокко чыгарылды. Табигый кырсыктын кесепетинен Филиппинде 134 адам жабыркап, 10 миңдей үй-бүлө үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Дагы 12 тургун дайынсыз болууда Иран менен Израил ок атышууну токтотууга макул болушту Иран менен Израил ок атышууну токтотууга макул болушту. Эки күн бою эки өлкө бири-биринин аймагын ракета менен аткылап, апрель келишимин бузушкан. Ислам Республикасынын чабуулуна Израил армиясынын Ливандын борбору Бейрутка кол салуусу себеп болгон. Тегеран Израил өз чегинен чыгып кетти деп ырастады. Ок атышууну токтотууга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөштү Пхеньянда Си Цзиньпин менен Ким Чен Ындын саммити өттү Пхеньянда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын саммити өттү. Жергиликтүү мамлекеттик телеканалдын маалыматына караганда, тараптар эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдөгү кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты. Си Цзиньпин акыркы 7 жылда биринчи жолу Пхеньянга барат. Бул жолугушуу Пекин жакында эле Орусия менен алакасын бекемдеген стратегиялык өнөктөшүнүн үстүнөн таасирин калыбына келтирүүгө аракет кылган учурга туш келди Британия Apple жана Google компанияларынан балдарды коргоо чараларын күчөтүүнү талап кылды Улуу Британиянын өкмөтү Apple жана Google компанияларынан балдарды коргоо чараларын күчөтүүнү талап кылды. Ага ылайык, бул компаниялар үч айдын ичинде жашы жете электердин ачык сүрөттөрдү жана видеолорду тартуусуна, көрүүгө жана жөнөтүүсүнө жол бербөөчү технологиялык чектөөлөрдү киргизиши керек. Бул тууралуу Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Лондондо өткөн технология жумалыгында билдирди. Эгерде талап аткарылбаса, компаниялар айыпка жыгылат, жада калса кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Google балдарды коргоо чараларын күчөтүүнү көздөп жатканы менен, Apple азырынча расмий түшүндүрмө бере элек

