Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймактык борборунда жарандык коргонуу боюнча курстар өткөрүлдү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түштүк аймактык борборунда «2026-жылга карата угуучулар менен жарандык коргонуу курстарын бүтүрүү планы» боюнча «Административдик аймактын өкүлдөрү» категориясы боюнча жарандык коргонуу курстары өткөрүлдү Курстарды өткөрүүнүн негизги максаты өзгөчө кырдаалдардан ко

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түштүк аймактык борборунда «2026-жылга карата угуучулар менен жарандык коргонуу курстарын бүтүрүү планы» боюнча «Административдик аймактын өкүлдөрү» категориясы боюнча жарандык коргонуу курстары өткөрүлдү Курстарды өткөрүүнүн негизги максаты өзгөчө кырдаалдардан коргонуу жаатында тарбиялык иштерди жүргүзүү, өрт өчүрүүнүн алгачкы куралдарын жана жабдууларын, жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөтүү, ошондой эле курстун катышуучуларынын жарандык коргонуу күчтөрүн жана каражаттарын башкаруу боюнча квалификациясын жогорулатуу болгон Курстарда жамааттык коргонуу каражаттарын колдонуу, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда туура жүрүм-турум, куткаруучу шаймандарды жана жабдууларды колдонуу эрежелери түшүндүрүлүп, темаларга байланыштуу фотослайддар жана видеороликтер көрсөтүлдү Соңунда курстарды ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар тапшырылды

