Фергана малинаны Түркияга жана Россияга экспорттойт
Сапаттуу мөмөлөр Өзбекстанда гана эмес, тышкы рынокто да суроо-талапка ээ Элёрбек Нишонов жетектеген «Алпомиш Хосиятхон» дыйкан чарбасы 14 гектар жерге малина өстүрөт. Жергиликтүү сорту да, Италиядан келген бир нече жогорку түшүмдүү сорттору да өстүрүлөт. Продукциянын бир бөлүгү ички рынокто сатылс

Сапаттуу мөмөлөр Өзбекстанда гана эмес, тышкы рынокто да суроо-талапка ээ Элёрбек Нишонов жетектеген «Алпомиш Хосиятхон» дыйкан чарбасы 14 гектар жерге малина өстүрөт. Жергиликтүү сорту да, Италиядан келген бир нече жогорку түшүмдүү сорттору да өстүрүлөт. Продукциянын бир бөлүгү ички рынокто сатылса, калганы Түркия жана Орусияга экспорттолот Чарбада 24 туруктуу жана 200дөн ашык сезондук жумушчулар иштейт. Сууну унемдеечу технологияны ишке киргизуу суунун жана минералдык жер семирткичтердин чыгымдалышын кыскартты. Ишкердин демилгеси менен «Водиль малина 555» кооперативи түзүлүп, ал «Обод», «Навруз», «Жогорку Водил» кварталдарындагы кожолуктар, ошондой эле 130дан ашык дыйкан чарбалары менен иш алып барат Өткөн жылы 500 тонна малина экспорттолгон. Быйыл бул көрсөткүчтү 2000 тоннага жеткирүү пландалууда Сүрөттөр Муким Кодиров, ӨзА

