Tenqri
Башкы бет
Саясат

Чехиянын премьер-министри: Азербайжанда болуу мен үчүн чоң сыймык - МАЕК - ВИДЕО

"Азербайжан менен пландарыбызды ишке ашырууга аракет кылабыз, айтканыбыз сөз бойдон калбайт" 27-апрелде Азербайжанга расмий сапарынын алкагында Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш АПА маалымат агенттигине, Азербайжан телевидениесине жана APA TV телеканалына интервью берди Мына интервью: Азерб

0 көрүүapa.az
Чехиянын премьер-министри: Азербайжанда болуу мен үчүн чоң сыймык - МАЕК - ВИДЕО
Paylaş:

"Азербайжан менен пландарыбызды ишке ашырууга аракет кылабыз, айтканыбыз сөз бойдон калбайт" 27-апрелде Азербайжанга расмий сапарынын алкагында Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш АПА маалымат агенттигине, Азербайжан телевидениесине жана APA TV телеканалына интервью берди Мына интервью: Азербайжанда болуу мен үчүн чоң сыймык Урматтуу Премьер-министр, биринчиден, убактыңызды бөлүп, интервью бергениңиз үчүн рахмат. Европа Биримдиги өлкөлөрүнөн кийин биринчи сапарыңызды Азербайжанга жасаганыңыз өзгөчө маанилүү. Чехия менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин кандай баалайсыз? Жакшы сөздөрүңүз үчүн чоң рахмат. Бул жерде болуу мен үчүн чоң сыймык. Мен сиздин урматтуу президент мырза Илхам Алиев менен адегенде Будапештте жолуктум, андан кийин Давосто дагы жолуктук, бул биздин үчүнчү жолугушуубуз. Бүгүн биз күндүн дээрлик жарымын чогуу өткөрдүк. Азербайжан чындыгында Чехия үчүн да, башка лидерлер үчүн да абдан маанилүү жана стратегиялык өлкө. Бул жерде Украинанын президенти Владимир Зеленский, Латвиянын президенти Эдгарс Ринкевич, Италиянын премьер-министри Джорджио Мелони да келет. Сиздин президент эл аралык деңгээлде абдан активдүү жана мен аны менен абдан жылуу мамиледемин. Биз кызматташуунун абдан конкреттүү маселелерин талкууладык Азербайжандын газына баары кызыкдар экенин билем Азербайжан Чехияга чийки мунайдын негизги жеткирүүчүсү болуп саналат жана биздин керектөөбүздүн 42 пайызын камсыздайт. Биз Азербайжанга жаратылыш газы маселесин чечүү үчүн келдик. Мен билем, баары азербайжан газына кызыкдар жана бул биз үчүн абдан маанилүү. Биз CHES деген жарым мамлекеттик компаниябыз менен келдик жана бул компания азербайжан газын узак мөөнөткө сатып алууга кызыкдар. Балким, биз бул жаатта ар кандай ыкмаларды таап, өз ара инвестицияларды көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдешибиз керек Европа учурда, өзгөчө өнөр жайга терс таасирин тийгизген кээ бир энергетикалык саясаттардан улам кээ бир кыйынчылыктарга туш болууда. Азыркы геосаясий кырдаалдын фонунда биз үчүн энергетика маселеси дагы маанилүү Ошол эле учурда коргонуу өнөр жайы тармагында кызматташуу үчүн келдик. «Чехословак группасы» азыртан эле Азербайжанда иштеп, биргелешкен ишкана түзгөн. Биз бул жерде курал өндүрүүчү Colt, Aero Vodokhodi компаниясы жана анын L-39NG учагы боюнча сунуштары, ошондой эле мамлекеттик Explosia компаниясы менен биргебиз. Бул компаниялардын баары биргелешкен долбоорлорду жана кызматташууну сунуштайт. Ансыз деле конкреттүү долбоорлор бар, бирок биз дагы жасай алабыз Мындан тышкары, биз Баку метросу жана трамвай долбоорлору боюнча келишимдерди алууга аракет кылып жатабыз. "ŠKODA Transport" бул тармактагы биздин негизги компанияларыбыздын бири жана Чехиядагы эң ири экономикалык топтордун бири болгон "PPF Group" компаниясына кирет. Тарыхый жактан алганда Чехословакия дуйнедегу индустриалдуу 10 елкенун бири болгон жана бугунку кунде бизде дагы эле коп мумкунчулуктер бар Сиздин президент экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуштады, биз аны министрлердин деңгээлине көтөрдүк. Биз тараптан бул процессти биринчи вице-премьер-министр Карел Хавличек жетектейт, ал эми сиздер тараптан энергетика министри катышат. Мен сиздин Президентиңизди өлкөбүзгө чакырдым жана биз анын сапарын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз Биз Карловы Варыдагы аэропортко инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык Ушул жылдын башында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Давос экономикалык форумунда жолугушуп, бүгүн Габалада сүйлөшүүлөрдү өткөрдүңүз. Жолугушуулардан кийин мамилелерди активдешти-руунун жогорку децгээли кандай? Эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар жана байланыштар активдешин күтсөк болобу? Албетте. Биринчи орун басарым быйыл дагы Азербайжанга келет деп макулдаштык. Биз ошондой эле Карловы Варыдагы аэропортко инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык. Мен билем, бул шаарга Азербайжандан жана Борбор Азиядан келгендер медициналык туризм үчүн көп келишет. Бул тармакка инвестицияны көбөйтүү менен туризмди дагы өнүктүргүбүз келет Талкуула турган көптөгөн темалар бар жана биз Азербайжандын президенти менен абдан жакшы жеке мамилелерди түздүк Сиз бизнес форумда коргонуу, транспорт, айыл чарба жана туризмди артыкчылыктуу багыт катары белгиледиңиз. Бул аймактардын маанилүүлүгүн кененирээк түшүндүрүп бере аласызбы? Ошондой эле, өкмөттөр аралык комиссиянын ролун кандай баалайсыз? Бул комиссия жакында иштей баштайт деп ишенебиз. Биз тараптан Карел Комиссияны азербайжан тараптан Хавличек менен Микайил Жаббаров жетектейт. Дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин алдында турган негизги маселелердин бири – бул азык-түлүк менен камсыздоо. Биз бул жаатта да кызматташа алабыз. Ошол эле учурда саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууга мүмкүнчүлүктөр бар. Онкологиялык, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга, балдардын психикалык саламаттыгына чоң көңүл бурабыз. Негизинен талкуулана турган темалар көп жана биз Азербайжандын президенти менен абдан жакшы жеке мамилелерди түздүк 2015-жылы кол коюлган Стратегиялык өнөктөштүк боюнча биргелешкен декларациянын ролун кандай баалайсыз? Биз бул документти дагы иштеп чыгышыбыз керек. Эң негизгиси сөздү реалдуу жыйынтыкка айландыруу. Бул кээде кыйын, бирок биз аны ишке ашырууга аракет кылабыз. Айтканыбыз сөз бойдон калбастан, реалдуу долбоорлорго айланат Биз камсыздоонун альтернативалык булактарын көбөйтүүнү жактайбыз Энергетика жана өзгөчө кайра жаралуучу энергия тармагындагы кызматташууга көз карашыңыз кандай? Европа кайра жаралуучу энергия жөнүндө көбүрөөк айтып жатат. Бирок бир гана шамал жана күндүн энергиясы менен бардык өнөр жай продукциясын өндүрүү мүмкүн эмес. Бул үчүн мунай жана газ да маанилүү. Европада энергияга болгон жогорку баалар өнөр жайдын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө. Биз камсыздоонун альтернативалык булактарын көбөйтүүнү жактайбыз Азербайжан Борбордук Азия чөлкөмүнө чыгуу жагынан стратегиялык өлкө Энергетикадан тышкары кайсы тармактарда кызматташуу үчүн эң чоң потенциал бар? Борбор Азия өлкөлөрү биз үчүн абдан маанилүү. Азербайжан бул аймакка кирүү жагынан стратегиялык өлкө. Эртең Казакстан менен Өзбекстанга барабыз. Бул аймак менен узак мөөнөттүү мамилебиз бар жана соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө ниеттенип жатабыз Азербайжан менен Армениянын нормалдашуу процессинен ыраазыбыз Азербайжан менен Армениянын мамилесинин нормалдашына кандай баа бересиз? Бул процесс бизди кубандырат. Региондогу мамилелердин нормалдашуусу жана чыңалуунун басаңдашы оң көрүнүш жана биз муну колдойбуз Биз бошотулган аймактарда инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө ниеттенип жатабыз Чехиялык компаниялар бошотулган аймактарда “акылдуу шаар” жана “акылдуу айыл” долбоорлоруна катыша алабы? Ооба, биз Азербайжандын президенти менен бул маселени талкууладык жана бул долбоорлорго катышууга даярбыз. Биз бул багыттардагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө ниеттенип жатабыз Сизге чоң рахмат, мырза Премьер-министр. Сиздин оюңузду угуу биз үчүн чоң сыймык болду. Сизге ийгилик каалайбыз Чоон рахмат. Азербайжан элине ийгилик, ден соолук жана гүлдөп өнүгүү каалайм. Элибиздин ортосундагы достук мамилелер мындан ары да улана берерине ишенем Сүрөт - Руфат Мустафаев © APAGROUP

Kaynak: apa.az

Diğer Haberler