Энергетика объектилерин оңдоого 627 миллиард теңге бөлүнгөн
Бардык иштер өз убагында жана толук аткарылышы керек. Муну айткан өкмөт башчы келерки жылытуу мезгилине даярдыкты мындан ары күчөтүүнү тапшырды. Ошол эле учурда эскилиги жеткен жылуулук жана электр тармактарын модернизациялоого басым жасоо керектигин айтты. Өкмөттүн жыйынында көтөрүлгөн ушул жана ба

Бардык иштер өз убагында жана толук аткарылышы керек. Муну айткан өкмөт башчы келерки жылытуу мезгилине даярдыкты мындан ары күчөтүүнү тапшырды. Ошол эле учурда эскилиги жеткен жылуулук жана электр тармактарын модернизациялоого басым жасоо керектигин айтты. Өкмөттүн жыйынында көтөрүлгөн ушул жана башка маселелерге Асылбек Данияр кеңири токтолду Мурдагы жылытуу мезгили туруктуу жана коопсуз болгон. Электр станцияларынын иштен чыгышы боюнча маалыматтар да сейрек кездешет. Премьер-министр кийинки сезонду дагы сапаттуу жана кемчиликсиз өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Бул үчүн быйыл казынадан 627 миллиард теңгеге жакын каражат бөлүнгөн. Каражат жылуулук жана электр тармактарын модернизациялоого жумшалат Сунгат Есимханов, Казакстан Республикасынын Энергетика министринин орун басары: «Кызыл» зонада 5 ЖЭБ бар Министрликтин маалыматы боюнча, электр тармактарынын 67 пайызы, жылуулук тармактарынын 50 пайызы, жылуулук-энергетикалык борборлордун 59 пайызы эскирген. Жылдын аягына чейин бул керсеткучту кыскартуу милдети турат Өкмөт башчы бир катар ТЭЦ өз убагында оңдолбой жатканын сынга алды. Натыйжада 5 станция «кызыл зонада» турат. Энергетика министринин орун басары жыл аягына чейин ажырым оңдолорун билдирди. Мындан тышкары Олжас Бектенов «Самрук-Энерго» ишканасынын жетекчисине Экибастуздагы эки ГРЭСти сапаттуу тейлөөнү тапшырды. Кийинки милдет: Алматыдагы учунчу ТЭЦке байланыштуу Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри: Өкмөт башчы жылытуу мезгилине даярдыкты күчөтүүнү тапшырды Өкмөт башчы жылытуу мезгилине даярдыкты күчөтүүнү тапшырды. Анын айтымында, энергетика объектилериндеги оңдоо иштерин план боюнча улантуу зарыл Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри: Ошондой эле, Олжас Бектенов август айынын аягына чейин жылытуу тармагындагы иштерди бүтүрүүнү тапшырды. Аймактардагы энергетика объектилери 1-сентябрга чейин даярдоо паспортторун албаса, ошол аймактын акими жооп берерин эскертти


