УКМКнын мурдагы жетекчиси Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча айып тагылды
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевге Кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча айып тагылды. Кеп 326-берене («Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу, ошондой эле конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө аракет кылуу») жана 337-бе

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевге Кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча айып тагылды. Кеп 326-берене («Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу, ошондой эле конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө аракет кылуу») жана 337-берене («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жөнүндө болуп жатат. Алдын алуу чарасы катары Ташиевге эч жакка чыкпоо тил каты берилген. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди 29-апрелде Ташиев ага карата кылмыш иши козголгонун тастыктады. Анын билдирүүсүн Регион телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов Фейсбукка жарыялады. Анда УКМКнын мурдагы жетекчиси өзүн күнөөсүз деп эсептей турганын жана акталышын күтөрүн айтып, тарапкерлерин «мыйзам чегинде болууга» жана эч кандай чара көрбөөгө чакырган ЖМКлардын маалыматына караганда, бул иш “75-кат” деп аталган нерсеге - мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган саясатчылар жана коомдук ишмерлер тобунун кайрылуусуна байланыштуу болушу мүмкүн. Ташиев өзү кайсы эпизод боюнча иликтенип жатканын тактаган жок 27-апрелде президент Садыр Жапаров Kaktus.media сайтына берген маегинде Ташиевдин бул кайрылууга тиешеси бар-жогу тергөө жана сот тарабынан аныкталышы керек деп билдирди 9-февралда экс-премьер-министрлер, депутаттар жана коомдук ишмерлер болгон 75 адамдан турган топ президент жана парламенттин ошол кездеги спикери Нурланбек Тургунбек уулуна мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү талабы менен кайрылуу жолдошкон. Кийинчерээк кол койгондордун айрымдары текстти окубай туруп эле катышууга макул болгондугун айтышкан Арыздын негизинде Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоду. Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, мурдагы айыл чарба министри, Өзбекстандагы экс-элчи Эмилбек Узакбаев, экс-депутат Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов сыяктуу бир нече айыпталуучу кармалган Бул окуялардын фонунда Ташиев, ошондой эле мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу Ички иштер министрлигине суракка чакырылган Ташиев 10-февралда УКМКнын төрагалыгынан бошотулган. Кийинчерээк Жапаров парламенттеги «президенттин адамдары» жана «атайын кызматтын адамдары» деп экиге бөлүнүп жатканын айтып, тиреш Жогорку Кеңештин чегинен чыгып кеткенин көрсөттү Соңку жумаларда Кыргызстанда ушул процесстердин фонунда бир нече депутаттар мөөнөтүнөн мурда мандаттарын тапшырышты. Алардын айрымдары кылмыш иштерине, анын ичинде коррупция жана кыянаттыктарды иликтөөгө да аралашкан Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


