Жогорку Кеңештин экс-депутаты АКШда курьер болуп иштейби? Видео социалдык тармактарда талкууга алынууда -
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Улукбек Кочкоров АКШда курьер болуп иштейби? Мындай суроону социалдык тармактын колдонуучулары беришти Улукбек Кочкоров пакеттерди унаанын багажына салып жатканы тартылган видео жарыяланды. Видеонун коштоосунда мурдагы депутат Amazon компаниясында курьер болуп иштегени

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Улукбек Кочкоров АКШда курьер болуп иштейби? Мындай суроону социалдык тармактын колдонуучулары беришти Улукбек Кочкоров пакеттерди унаанын багажына салып жатканы тартылган видео жарыяланды. Видеонун коштоосунда мурдагы депутат Amazon компаниясында курьер болуп иштегени айтылат. Көптөгөн колдонуучулар анын таза иштегенин белгилеп, колдоорун билдиришти. Анын Кыргызстанда кандай чиновник болгонун да айрымдар эстеди. Улукбек Кочкоров “Ата-Журт” партиясынын катарында V чакырылыштын депутаты болуп, 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, 2018-жылдын октябрында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалган. 2020-жылы “Биримдик” партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Улукбек Кочкоров министр кызматынан бошотулган. Ал өзү жумуштан алынганын интернеттен билгенин билдирди Белгилүү болгондой, Улукбек Кочкоров акыркы бир нече жылдан бери үй-бүлөсү менен Чикагодо (АКШ) жашап келет. Бирок, ал коомдук турмушту алып барбайт жана анын кыймылы жана ишмердүүлүгү тууралуу комментарий бербейт


