Экологиялык жоопкерчилик Конституцияда бекитилген
Айлана-чөйрөнү коргоо бүгүнкү күндө коомдогу актуалдуу маселелердин бири. Ушуга байланыштуу Конституцияда жаратылышка аяр мамиле жасоо, экологиялык жоопкерчилик ар бир жарандын милдети так аныкталган. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Экологиялык кодекс жер-жерлерде талаптарды күчөткөн. Документке ылай

Айлана-чөйрөнү коргоо бүгүнкү күндө коомдогу актуалдуу маселелердин бири. Ушуга байланыштуу Конституцияда жаратылышка аяр мамиле жасоо, экологиялык жоопкерчилик ар бир жарандын милдети так аныкталган. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Экологиялык кодекс жер-жерлерде талаптарды күчөткөн. Документке ылайык, ири ишканалар жаңы технологияны киргизүүгө, башкаруунун автоматташтырылган системаларын орнотууга жана экологиялык маалыматтын ачыктыгын камсыздоого милдеттендирилген. Мындай демилгелер экологиялык коопсуздукту бекемдеп, экологиялык маданиятты калыптандырууга негиз түзөт. Адистер жаңы талаптар алардын аткарылышына кепилдик берерин айтышат Элдос Абаканов, Электр энергиясын өнүктүрүү жана үнөмдөө институтунун башкармалыгынын төрагасы: Үч тараптан карасак, мамлекет бир тараптан көзөмөлдү күчөтөт деп ишенем. Экинчи жагынан бизнес экологиялык көйгөйдү туура карап, туура технологияларды киргизип, жоопкерчилигин жогорулатат. Ал эми акыркы маселе, жарандардан, коомчулуктан көзөмөл, талап күчөшү мүмкүн, мен ойлойм, ушундай өзгөрүүлөр болот деп ойлойм


