Эдуард Кубатов Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигин жетектеген
10-апрелде президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Эдуард Кубатов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Конституциянын нормаларына ылайык кол койду Туризм департаментинин

10-апрелде президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Эдуард Кубатов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Конституциянын нормаларына ылайык кол койду Туризм департаментинин базасында өлкөнүн туристтик потенциалын эл аралык рынокто жылдыруу үчүн жаңы структура түзүлдү Эдуард Кубатов 1972-жылы 2-январда Ысык-Көл районунун Кутурга айылында туулган. КУУнун юридикалык факультетин жана Россия Федерациясынын Тышкы чалгындоо академиясын бүтүргөн. Кубатов 1990-2004-жылдары улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп, УКМКнын подполковниги кызматына чейин жеткен. Анын аскердик чалгындоо кызматы Иранда жана Ооганстанда иштеген, Кабулда жана Мазари-Шарифте станцияларды түзүүгө жардам берген 2004-жылы ардактуу эс алууга чыккандан кийин Кубатов бизнес тармагына өтүп, тоо-кен тармагына адистешкен. «KazakhGold Group» жана «Полюс Голд» ири компанияларында жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2013-жылдан бери ардактуу консул катары Кыргызстандагы Индонезиянын кызыкчылыгын коргоп, Эл аралык ишкерлер кеңешинин коллегиясында иштеген


