Бувайда мэрдин орун басары кол салган экология инспектору да кармалды
Эсиңиздерде болсо, 2025-жылдын ноябрь айында Фергана облусунун Бувайда районунда район акиминин орун басары Сайдали Хизиров Экология жана климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук комитеттин инспектору Ахроржон Ниёзовго күч колдонуп, укук коргоо кызматкерлеринин жардамы менен райондук ички иштер бөлүмүнө ал

Эсиңиздерде болсо, 2025-жылдын ноябрь айында Фергана облусунун Бувайда районунда район акиминин орун басары Сайдали Хизиров Экология жана климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук комитеттин инспектору Ахроржон Ниёзовго күч колдонуп, укук коргоо кызматкерлеринин жардамы менен райондук ички иштер бөлүмүнө алып барган. Ал кезде экология боюнча инспекторго күч колдонулганы өлкө боюнча коомчулукта кеңири талкуу жараткан. Көп өтпөй район акиминин орун басары Сайдали Хизиров ээлеген кызматынан бошотулуп, кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Өткөн айда чыккан соттун өкүмү менен Сайдали Хизиров Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 1-бөлүгү, "кызмат абалынан же кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал базалык эсептик көрсөткүчтүн 150 эселенген өлчөмүндө, же 61,8 миллион сом өлчөмүндө айыпка тартылып, бир жылга кызматтык милдеттерине жана материалдык жоопкерчиликке байланыштуу кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылды Жабырлануучу Ахроржон Ниёзов апелляциялык арыз менен кайрылып, айыпталуучуларга жазаны күчөтүүнү суранган. Бирок апелляциялык инстанциянын Фергана облустук сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын ушул жылдын 3-июнундагы аныктамасы менен өкүм өзгөртүүсүз калтырылган Кылмыш иши аяктап, өкүм чыккандан көп өтпөй экология департаментинин кызматкери Ахроржон Ниёзов өзү да кармалган. Муну Фергана облустук ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматтан түшүнүүгө болот Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Фергана облусунун Бувайда районунда жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө экология бөлүмүнүн кызматкери 9500 доллар пара менен кармалды Тергөөгө чейинки материалдарга ылайык, ал жарандан райондун Араб махалласында 4 сотых жер тилкесиндеги жапайы бак-дарактарды кыйып, кум тазалоо иштерине 1 жыл бою көз жумуп, эч кандай чара көрбөй 10 миң доллар пара талап кылган Облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргелешип жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө пара алуу боюнча ортомчу болгон адам менен пара алып жаткан экология кызматкери буюм далилдери менен кармалды Мындан тышкары, ортомчунун унаасын текшерүүдө баңги затына окшош заттар табылып, буюм далили катары документтештирилген Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168 жана 211-беренелери боюнча алдамчылык жана пара берүү боюнча кылмыш иши козголуп, алдын ала тергөө амалдары жүрүп жатканы маалымдалган


