Эл каттоодо бир адамды каттоонун баасы жарыяланды
Өзбекстанда өткөрүлгөн эл каттоого 4,5 миллион доллардан ашык каражат сарпталды. Бул тууралуу статистикалык комитеттин эл жана айыл чарба каттоосунун алдын ала жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында айтылды Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бир адамды каттоого кеткен чыгым 0,12 долларды түзгөн Мурдар

Өзбекстанда өткөрүлгөн эл каттоого 4,5 миллион доллардан ашык каражат сарпталды. Бул тууралуу статистикалык комитеттин эл жана айыл чарба каттоосунун алдын ала жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында айтылды Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бир адамды каттоого кеткен чыгым 0,12 долларды түзгөн Мурдараак маалымдалгандай, эл каттоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Өзбекстандын калкы 39 047 321 адамды түзүп, жалпы калктын 97,3%ы бул процесс менен камтылган. 4,5 миллион доллардын жалпы баасы ушул цифралардын негизинде эсептелген, бирок бул расмий түрдө тастыктала элек Кошумчалай кетсек, калкты жана айыл чарба каттоосунун алдын ала жыйынтыгы боюнча 35,7 миллион адам же калктын 91,3%ы өзбек тилин эне тили катары көрсөткөн. Бул көрсөткүч өзбек улутундагылардын үлүшүнөн 1,9 пайыздык пунктка жогору экени белгиленди Маалым болгондой, өзбектер улуттук курамы боюнча калктын 89,4% түзөт Мурдараак маалымдалгандай, калкты жана айыл чарба каттоосунун алдын ала жыйынтыгы боюнча Өзбекстанда бир жылдан ашык жашаган 56 миң 860 чет элдик жаран катталган


