Россиядагы шахтадагы авария: 130дан ашык шахтер эвакуацияланды
Россия Федерациясынын Кемерово облусундагы Алардинская көмүр кенинде көмүр кычкыл газынын нормадан ашкандыгына байланыштуу 132 шахтер эвакуацияланууда, деп билдирет Интерфакс. Облустук бийликтердин маалыматы боюнча, учурда 100дөн ашуун жумушчу жер үстүнө чыккан. Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп

Россия Федерациясынын Кемерово облусундагы Алардинская көмүр кенинде көмүр кычкыл газынын нормадан ашкандыгына байланыштуу 132 шахтер эвакуацияланууда, деп билдирет Интерфакс. Облустук бийликтердин маалыматы боюнча, учурда 100дөн ашуун жумушчу жер үстүнө чыккан. Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат Алардинская шахтасы (Распадская ЖАКсынын курамына кирет) Кемерово облусунун түштүгүндө жайгашкан жана жылына 3 миллион тоннага жакын көмүр өндүрөт. Көмүрдүн запасы 420 миллион тоннадан ашат. Көмүрдүн негизги керектөөчүлөрү Евраз металлургиялык ишканалары, ошондой эле кокс заводдору


