Чет өлкөдө иштеп келген жарандарды колдоо: мамлекет "Мекеним 1+1” долбоорун кеңейтет
Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Мекеним 1+1” пилоттук долбоорун туруктуу негизде ишке ашырууну көздөйт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында “Кабар” аг

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Мекеним 1+1” пилоттук долбоорун туруктуу негизде ишке ашырууну көздөйт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында “Кабар” агенттигине билдирди Анын айтымында, мында чет өлкөдө иштеп каражат топтоп келген жарандын акчасынын үстүнө мамлекет ошончо суммада акча кошуп берип, ишкердигин колдоп берет Ал ошондой эле миграция бул глобалдык тирүү процесс экендигин жана дүйнө жүзүндө миграция маселеси жаралбаган мамлекеттер жокко эсе экендигин кошумчалады


