Британияда 16 жашка чыга электерге соцтармактарды колдонууга тыюу салынат
Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Улуу Британия бийлиги 16 жашка толо элек балдар үчүн зыяндуу делген онлайн-платформаларды колдонууга тыюу салууну пландоодо. Бул тууралуу Times гезитине шилтеме берүү менен АЗЕРТАЖ маалымдады Өлкө жетекчилиги мындай чечимди интернеттин айынан балдарынан айрылган ата-энеле

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Улуу Британия бийлиги 16 жашка толо элек балдар үчүн зыяндуу делген онлайн-платформаларды колдонууга тыюу салууну пландоодо. Бул тууралуу Times гезитине шилтеме берүү менен АЗЕРТАЖ маалымдады Өлкө жетекчилиги мындай чечимди интернеттин айынан балдарынан айрылган ата-энелердин пикирин угуу менен жана өткөн жылдын декабрь айында ушундай эле тыюу салууну киргизген Австралиянын тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алган. Лондондун бийлиги өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн ири технологиялык компаниялардын каршылыгынан коркпостугун билдирүүдө Социалдык тармактардын жаштардын психикасына тийгизген терс таасиринен улам, Улуу Британияда балдар үчүн интернетке кирүү убактысын чектөө маселеси да каралууда. Учурда өлкөдө иштеп жаткан интернет коопсуздугу жөнүндө мыйзам социалдык тармактардын кожоюндарын балдарды зыяндуу контенттен коргоого милдеттендирет Белгилей кетсек, мындай чектөөлөрдү киргизүүнү Франция, Дания, Польша жана Греция сыяктуу бир катар Европа мамлекеттери да карап жатышат


