Реал Мадрид күйөрмандары Мбаппенин кетишин талап кылышууда
"Реал Мадриддин" күйөрмандары онлайн петиция уюштуруп, анда Мадриддик клубдун жетекчилигине чабуулчу Килиан Мбаппенин командадан кетишин талап кылышкан, деп билдирет Sport-express Actu Foot басылмасынын маалыматына караганда, петицияга биринчи саатта 70 миңден ашуун кол коюлган. Учурда ага 142 миң

"Реал Мадриддин" күйөрмандары онлайн петиция уюштуруп, анда Мадриддик клубдун жетекчилигине чабуулчу Килиан Мбаппенин командадан кетишин талап кылышкан, деп билдирет Sport-express Actu Foot басылмасынын маалыматына караганда, петицияга биринчи саатта 70 миңден ашуун кол коюлган. Учурда ага 142 миңден ашык адам кол койгон Буга чейин ММКлар "Реал Мадрид" Мбаппенин талаадагы жүрүм-турумуна нааразы экенин, ал эми чабуулчу өз кезегинде кийим алмаштыруучу жай менен байланышын үзгөнүн жазышкан. Француз футболчунун командалык иш-чараларга кечигип келгени жана кызматкерлерге текебер мамиле жасаганы белгиленди Журналист Франсуа Галярдонун айтымында, Мбаппени айрым командалаштары, анын ичинде Винисиус сатып кеткендей сезет. 27 жаштагы оюнчунун апасы, анын агенти да Реал Мадриддин жетекчилигинен клуб Винисиус менен бөлүнүшүн талап кылууда Мбаппе 2024-жылдын жайынан бери Реал Мадридде ойноп келет. 2025/26 сезонунда форвард бардык мелдештерде 41 беттеш өткөрүп, 41 гол киргизип, 6 ассист берген. 27-апрелде футболчу сол бутунун жарым тарамчы булчуңунан жаракат алып, белгисиз мөөнөткө оюнга чыкпай калганы белгилүү болгон


