Кыргызстанда 440 миңден ашык бала “Бала Ырысы” жөлөк пулун алат -
Кыргызстанда 440 миңден ашык бала «Бала Ырысы» жөлөкпулун алат. Бул тууралуу бүгүн Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинде өткөн жыйында бөлүм башчы Аида Ажыходжоева билдирди Анын айтымында, жөлөк пул алуу үчүн документтерди 1-июлдан тарта Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктары

Кыргызстанда 440 миңден ашык бала «Бала Ырысы» жөлөкпулун алат. Бул тууралуу бүгүн Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинде өткөн жыйында бөлүм башчы Аида Ажыходжоева билдирди Анын айтымында, жөлөк пул алуу үчүн документтерди 1-июлдан тарта Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктары же санариптештирилген документтер бар болсо, Тундук мобилдик тиркемеси аркылуу тапшырса болот; эгерде андай документтер жок болсо, калкты тейлөө борборлоруна кайрылсаңыз болот "Жеринде Эмгек министрлигинин райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жөлөк пулдарды берүү боюнча окуудан өтүүдө. Биз бардыгына көрсөтмөлөрдү жөнөтөбүз", — деди Аида Ажыходжоева Ал белгилегендей, үч жаштан жогорку балдарга бала каза болгон учурда же бала чет өлкөгө туруктуу жашоого кеткенде жөлөк пул берүүдөн баш тартылышы мүмкүн Эмгек министрлигинин башчысы Канат Сагынбаев баланын физикалык жана психикалык өнүгүүсү үчүн жашоонун алгачкы 1 миң күнүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, буга байланыштуу жаңы төлөмдүн өз убагында киргизилишине токтолду Эскерте кетсек, жөлөк пул бала төрөлгөн учурдан тартып дайындалып, ал үч жашка чыкканга чейин ай сайын төлөнөт - ар бири үчүн 1,2 миң сомдон Аймактык бөлүмдөргө кайрылганда арыз ээси ата-энесинин же башка арыз берүүчүнүн паспортунун жеке идентификациялык номерин (ПИН), ошондой эле баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн берүүгө тийиш Бийик тоолуу, барууга кыйын болгон калктуу конуштардын жана өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын жашоочулары үчүн кошумча талап каралган - мындай калктуу конуштарда туруктуу жашагандыгын тастыктаган жашаган жери боюнча каттоосу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү зарыл


