Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Орусиянын “кара тизмесинде” 104 миңден ашуун кыргызстандык бар

Орусиянын миграциялык “кара тизмесинде” Кыргызстандын 104 миңден ашуун жараны бар. Дагы 90,7 миң кыргызстандык көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилген Бул тууралуу “Азаттыктын” кыргыз кызматы Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен кабарлады. Ведомствонун маалы

0 көрүүazattyqasia.org
Орусиянын “кара тизмесинде” 104 миңден ашуун кыргызстандык бар
Paylaş:

Орусиянын миграциялык “кара тизмесинде” Кыргызстандын 104 миңден ашуун жараны бар. Дагы 90,7 миң кыргызстандык көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилген Бул тууралуу “Азаттыктын” кыргыз кызматы Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен кабарлады. Ведомствонун маалыматы боюнча, учурда Орусиянын “кара тизмесинде” Кыргызстандын 104,5 миң жараны бар. Салыштыруу үчүн, 2025-жылы 91,5 миң болгон. Бул тизмеге кирген адамдарга Россияга кирүүгө тыюу салынган 2025-жылдын 5-февралынан тарта Орусияда көзөмөлгө алынган адамдардын реестри иштеп жатат. Ага орус бийлигинин айтымында, өлкөдө калууга мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер кирет. Бул реестрге кирүү мигранттардын укуктарын кескин чектейт: аларга эскертүүсүз машине айдоо, никени каттоо, мүлктү каттоо, банк эсебин ачуу жана жашаган жерин өзгөртүүгө тыюу салынат. Кошумчалай кетсек, мындай адамдар үчүн Орусиядан депортациялоо коркунучу күчөйт Апрель айында берилген Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн маалыматы боюнча, Орусияда 472 миңден ашуун кыргызстандык иштейт. Алардын 268,4 миңи миграция органдарында каттоодо турат Көзөмөлгө алынган адамдардын реестри ишке киргенден кийин чектөөлөр эмгек мигранттарына гана эмес, чет элдик студенттерге, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына да киргизиле баштаганын “Азаттык” мурда жазган. Алардын айрымдары Орусияда юридикалык статусуна карабай каттоодо турганын айтышкан Кыргызстандын бийлиги буга чейин Орусиядагы жарандарды миграциялык абалын текшерип, документтерин иретке келтирүүгө бир нече жолу чакырган. 2025-жылдын августунда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги көзөмөлдөгү адамдардын реестриндеги он миңдеген кыргызстандыктар Орусиядан чыгарылып кетиши мүмкүн экенин эскерткен Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler