Бишкекте "Коопсуз үй-бүлө – коопсуз өлкө" форуму өттү
Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Коопсуз үй-бүлө – коопсуз өлкө" форуму болуп өттү Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иш-чара үй-бүлө институтун бекемдөө, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укуктарын коргоо маселелерине арналган Ф

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Коопсуз үй-бүлө – коопсуз өлкө" форуму болуп өттү Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иш-чара үй-бүлө институтун бекемдөө, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укуктарын коргоо маселелерине арналган Форумдун катышуучулары үчүн театрлаштырылган оюн-зоок, аудитория үчүн "Kahoot" интерактивдүү оюну жана позитивдүү ата-эне болуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо маселелерин чагылдырган видеоролик камтылган программа тартууланды Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мамлекеттин коопсуздугу ар бир үй-бүлөнүн бакубаттуулугунан башталарын белгиледи Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар ведомстволор аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана ар бир бала жана ар бир үй-бүлө үчүн коопсуз чөйрөнү түзүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга болгон милдеттенмелерин билдиришти


