Балдарды бала бакча менен камтууну кеңейтүүгө 6,36 млн доллар бөлүнөт
Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "2025-жылдын 14-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Келечек үчүн билим берүү" долбоору үчүн кошумча каржылоо) жана Кыргыз Республикасы ме

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "2025-жылдын 14-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Келечек үчүн билим берүү" долбоору үчүн кошумча каржылоо) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык техникалык жардам жөнүндө макулдашуу-катты ("Келечек үчүн билим берүү" долбоору үчүн кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду Мыйзам 2026-жылдын 14-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган 6,36 млн АКШ доллары суммасына (4,36 млн – кредит, 2 млн – грант) "Келечек үчүн билим берүү" долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору (мындан ары – долбоор) мектеп жашына чейинки балдарды билим менен камтууну көбөйтүүгө жана мектепке чейинки билим берүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк моделин пилоттоого басым жасоо менен Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү системасын ар тараптуу колдоого багытталат Ишке ашырылып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" долбоору үчүн кошумча каржылоонун негизги максаты болуп толук күндүн ичинде балдарды сапаттуу багуу менен үй-бүлөлөргө мектепке чейинки билим берүүгө жакшыртылган жеткиликтүүлүктү берүү жолу менен долбоордун учурдагы ишинин чөйрөсүн кеңейтүү саналат


