Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Азербайжандын президенти менен Грузиянын премьер-министри басма сөзгө билдирүү жасашты ЖАҢЫРТЫЛГАН ВИДЕО

6-апрелде Тбилисиде Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев жана Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе басма сөзгө билдирүү жасашты AZERTAT кабарлайт, адегенде Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе билдируу жасады Баарыдан мурда Грузиянын кымбаттуу досу господин Ильхам Али

0 көрүүazertag.az
Азербайжандын президенти менен Грузиянын премьер-министри басма сөзгө билдирүү жасашты ЖАҢЫРТЫЛГАН ВИДЕО
Paylaş:

6-апрелде Тбилисиде Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев жана Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе басма сөзгө билдирүү жасашты AZERTAT кабарлайт, адегенде Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе билдируу жасады Баарыдан мурда Грузиянын кымбаттуу досу господин Ильхам Алиевге Грузияга визити учун чын журектен алкыш айткым келет. Анын Грузияга келиши баарыбыз үчүн өзгөчө сыймык Урматтуу Президент, Сизди Грузияда кабыл алуу жана эки тараптуу кызматташууга тиешелүү маселелерди, ошондой эле аймактагы учурдагы процесстерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугума кубанычтамын. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Азербайжандын жана жеке Сизге бүт Грузиянын Католикос Патриархы Улуу Урматтуу Илия IIнин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтканыңыз үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем Биздин элдерибизди кылымдар бою жакшы коңшулук жана өзгөчө тарыхый достук байланыштырып келген. Бул логикалык жактан биздин мамлекеттердин ортосундагы бекем стратегиялык өнөктөштүктү чагылдырат. Грузия менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер ар кандай багытта динамикалуу өнүгүп жатат. Биз сиздин жеке аракеттериңизди жана бул процесске катышууңузду жогору баалайбыз. Ошол мамилелердин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон делегация мүчөлөрүнө, өкмөт мүчөлөрүнө жана элчилерге ыраазычылык билдирем Азербайжандын Грузиянын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бекем колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Грузия эгемендүүлүгүн кайра алгандан бери Азербайжандын улуттук кызыкчылыктарын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн ар дайым күчтүү колдоочу болуп келген, учурда колдоочу жана келечекте да колдоочу катары кала берет. Бүгүн болгон жолугушуубуздун алкагында биз эки тараптуу мамилелерди гана эмес, бүтүндөй Түштүк Кавказ чөлкөмүнүн келечегинин маселелерин да кеңири талкууладык Ушуга байланыштуу биз Азербайжан менен Армениянын ортосундагы азыркы тынчтык жараянын кубаттайбыз. Грузия аймактагы тынчтыкта ​​жанаша жашоону, конструктивдүү кызматташтыкты жана жаңы демилгелерди бекем колдойт. Керек болсо, диалогго жана тынчтык процесстерине шарт түзүүгө ар дайым даярбыз. Түштүк Кавказ өлкөлөрүнүн кызматташтыгы бүткүл регион үчүн жаңы перспективаларды ачат. Глобалдык геосаясий өзгөрүүлөр жалпысынан Орто коридордун, анын ичинде Кара деңиз менен Түштүк Кавказдын стратегиялык локация катары маанисин жогорулатат Азия менен Европаны байланыштырган көпүрө катары биздин өлкөлөр жүк ташууда маанилүү роль ойнойт. Ушуга байланыштуу биз транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана модернизациялоого өзгөчө маани беребиз. Грузия менен Азербайжан эл аралык энергетикалык жана транспорттук долбоорлордо биз ишенимдүү жана жооптуу өнөктөш экенибизди бир нече жолу далилдешти Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташуунун келечегин да талкууладык. Азербайжан Грузиянын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда жана биз инвестициянын көбөйүшү менен экономикалык мамилелер дагы тереңдейт деп күтөбүз. Биз диалогду жогорку деңгээлде улантууга жана түрдүү тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенибизди билдирдик Биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүз элдерибиздин жана өлкөлөрүбүздүн жыргалчылыгы үчүн мындан ары да ийгиликтүү өнүгө берерине ишенем. Бул жагынан президенттин иш сапары чоң роль ойнойт Сөзүмдүн акырында, господин Президент, биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы мамилелерди чыңдоого кошкон жеке салымыңыз үчүн, визитиңиз жана жемиштүү кызматташтык үчүн Сизге дагы бир жолу ыраазычылык билдиргим келет. Урматтуу Президент, эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон жеке салымыңыз үчүн мен өзгөчө ыраазымын. Чоон рахмат Андан кийин Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев билдирүү жасады Господин Премьер-министр, мен Сизге чакыруу жана меймандостук учун ыраазымын. Бир тууган Грузияда кайрадан болуу мен үчүн чоң сыймык. Менин иш сапарым эки боордош өлкөнүн мамилелерине жаңы дем берерине ишенем. Бүгүн биз талкуулаган маселелер Грузия менен Азербайжан мурдагыдай эле бирге экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат. Биздин тарыхый байланыштарыбыз мамлекеттер аралык мамилелерибиздин бекем негизи болуп саналат. Кылымдар бою грузин жана азербайжан элдери достуктун жана бир туугандыктын шартында жашап келишкен жана бугунку кунде бул салттар улантылып жатат. Бүгүнкү күндө эки эгемендүү мамлекет катары Грузия менен Азербайжан ишенимдүү өнүгүп жатат. Учурдан пайдаланып, сизди жана сиздин өкмөттү Грузиянын жетишкен ийгиликтери менен куттуктагым келет Грузиянын динамикалык экономикалык өнүгүүсү көз алдыда. Грузияда абдан жагымдуу инвестициялык климат бар, ошондуктан Көптөгөн инвесторлор, анын ичинде азербайжандык инвесторлор Грузияга чоң кызыгуу көрсөтүүдө. Албетте, бардык ийгиликтердин негизги шарты, негизги фактору – саясий туруктуулук. Бул саясий туруктуулук Грузияда бар. Мунун гаранты грузин эли жана сиздин саясатыңыз. Биз, сиздердин досторуңуздар жана коңшуларыңыз сыяктуу, буга кубанычтабыз жана Грузия-Азербайжан мамилелери мындан ары да ишеним менен өнүгө берерине ишенебиз Биз ар дайым бардык эл аралык уюмдарда бири-бирибизди колдойбуз. Премьер-министр мырза белгилегендей, биз ар дайым бири-бирибиздин аймактык бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн, чек араларыбыздын кол тийбестигин колдоп келгенбиз, колдойбуз жана колдойбуз Экономикалык тармакта чоң ийгиликтерге жетиштик. Мен сапар алдында отчетторду карап көрсөм, өткөн жылы биздин товар жүгүртүүбүз 800 миллион доллардан ашканын, быйылкы жылдын биринчи кварталындагы өсүш дагы деле бир топ жогору экенин көрдүм. Ушундай болуп кетсе, жыл аягына чейин бир миллиардга да жетишибиз мүмкүн. Мен белгилегендей, Грузиядагы абдан жакшы инвестициялык климат азербайжандык инвесторлорду да шыктандырат жана ушул убакка чейин Азербайжан Грузиянын экономикасына 3,7 миллиард доллар инвестиция салды. Бүгүн биз Азербайжан жана Грузия үчүн жаңы инвестициялык долбоорлор боюнча пикир алмаштык жана үчүнчү өлкөлөргө биргелешкен инвестиция салуу качандыр бир убакта каралышы мүмкүн Албетте, биз жолуккан сайын көптөгөн маселелерди, анын ичинде аймактык абалды, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулайбыз. Бүгүнкү күндө да өзгөчө эмес. Бүгүнкү күндө Түштүк Кавказда таптакыр жаңы кырдаал түзүлүп жатат жана Түштүк Кавказда жайгашкан өлкөлөр бул мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбашы керек. Анткени, бүгүнкү күндө тилекке каршы дүйнөнүн ар кайсы аймактарында тынчтык, коопсуздук, бейпилдик, стабилдүүлүк бузулуп, анын кесепетинен кандуу кагылышуулар, согуштар, азап-тозоктор, жоготуулар болуп жатат. Ушундай эле абал Түштүк Кавказда да болгон. Бирок бүгүн Түштүк Кавказ азыртадан эле тынчтыктын, бейпилдиктин, коопсуздуктун жана кызматташтыктын жерине айланып баратат жана мен бул жерде Грузиянын ролун өзгөчө белгилеп кетким келет Премьер-министр мырза Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык жараянына да токтолду. Бул процессти бекемдөө үчүн жөн эле кол коюлган документтер жетишсиз деп айта алам. Биз бул тынчтыкты ар бир көз ирмемде, ар бир кадамда бекемдешибиз керек, мунун эң жакшы багыты – соода. Бүгүнкү күндө Азербайжан менен Армениянын ортосундагы соода Грузия аркылуу жүргүзүлөт. Ошондуктан мен Грузиянын өкмөтүнө ыраазычылыгымды билдиргим келет Азербайжан көп жылдардан бери энергетика тармагында көптөгөн өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө үчүн кадамдарды таштады. Бүгүнкү күндө азербайжан газы дүйнөнүн 16 өлкөсүнө экспорттолот. Бирок бул экспорт дагы деле Грузиядан башталат жана Грузия бул жерде биринчи өлкө. Азербайжандын мунай жана газы Грузия аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгарылат, Каспий деңизинин чыгыш жээгиндеги мунай ресурстары Азербайжан жана Грузия аркылуу өтөт. Биз бул болгон инфраструктура жөнүндө жетиштүү айттык. Мына ушул инфраструктуранын баары көз алдында, Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууру 20 жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатат. Андан кийин Түштүк газ коридору да ишке ашырылган жана бүгүнкү күндө бул инфраструктура чындыгында чоң география үчүн маанилүү. Кийин бул коридорлордун үстүнөн транспорттук коридорлорду куруп, бүгүнкү күндө транспорт коридорлорун кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Ортоңку коридор Азербайжан жана Грузия аркылуу өтөт. Бул биз үчүн негизги трафик артериясы жана аны кеңейтүү боюнча мындан аркы аракеттер көрүлүүдө жана жасалат Кыскасы, биздин эки тараптуу күн тартибибиз абдан кеңири жана кеңейүүдө. Жаңы долбоорлор, жаңы идеялар келип, биргелешкен күч менен чечебиз. Мунун негизги шарты жана фактору, албетте, биздин эки тараптуу мамилелерибиз. Биздин мамилелер бардык коңшулар үчүн үлгү боло алат деп айта алам. Анткени, алар бири-бирин урматтоого, ез ара ишенимге, ез ара пайда-луулукка, ез ара таламдарга, достукка, бир туугандыкка негизделген. Биз мындан ары да ушул жол менен ийгиликтүү кетебиз деп ишенем Учурдан пайдаланып, боордош Грузия элине тынчтык, бейпилдик, бакубатчылык жана бакыт каалайм. Чакыруу жана меймандостук үчүн дагы бир жолу рахмат 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек

Kaynak: azertag.az

Diğer Haberler