Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Азов деңизинде дрон соккусунан Азербайжандын беш жараны каза тапты

Азов деңизиндеги кемелер пилотсуз учактардын соккусуна туш болгондо Азербайжандын беш жараны каза тапты, дагы үчөө жаракат алды. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, соккуга жүк ташыган Natra жана Circon кемелери кабылды. Алардын бортунда жалпы жонунан 25 азербайжанды

0 көрүүazattyk.org
Азов деңизинде дрон соккусунан Азербайжандын беш жараны каза тапты
Paylaş:

Азов деңизиндеги кемелер пилотсуз учактардын соккусуна туш болгондо Азербайжандын беш жараны каза тапты, дагы үчөө жаракат алды. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, соккуга жүк ташыган Natra жана Circon кемелери кабылды. Алардын бортунда жалпы жонунан 25 азербайжандык киши бар болчу Баку жабыркаган кемелер Азербайжанга таандык эместигин белгиледи. Бирөө Белиз мамлекетинин, экинчиси Палаунун желеги астында сүзүп жүрөт. Алар түркиялык порттордон Орусияга жана Кавказга жүк тартып бараткан Анын алдында “Известия” гезити булактарына таянып, жума күнү таң эрте дрондор Краснодар крайындагы Таганрог булуңунда танкер жана жүк ташыган эки кемеге сокку урганын жазган Бакунун билдирүүсүнөн кийин украин армиясынын Пилотсуз учактар күчтөрүнүн командачысы Роберт Бровди 5-июнга караган түнү украиналык дрондор Азов деңизинде беш кемени аткылаганын айткан. Анын сөзүнө караганда, буталардын бир бөлүгү орус аскерлери ээлеп алган Мариупол жана Бердянск портторунда орун алган Бровди ошондой эле 3-июнда украин куралдуу күчтөрү Кронштадтагы "Бойкий" согуш кемесине сокку урганын, корвет зыян тартканын кошумчалады Ал күнү Орусиянын Ленинград облусуна, Санкт-Петербург шаарларына чабуул коюлган Украина Москванын согуш машинасын күйүчү май, жабдуулар менен камсыздаган жайларды бутага алып келет

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler