Азербайжан Каспий деңизинин деңгээлине байкоо жүргүзө баштады
Азербайжан Каспий деңизинин деңгээлинин өзгөрүү проблемасына өзгөчө көңүл бурат. Кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана Каспий боюндагы үч мамлекет менен сүйлөшүү башталды Бул тууралуу Азербайжандын экология жана жаратылыш ресурстары министри Рашад Исмаилов бүгүн Бакуда «Жаратылыштан шыктанган. Климат

Азербайжан Каспий деңизинин деңгээлинин өзгөрүү проблемасына өзгөчө көңүл бурат. Кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана Каспий боюндагы үч мамлекет менен сүйлөшүү башталды Бул тууралуу Азербайжандын экология жана жаратылыш ресурстары министри Рашад Исмаилов бүгүн Бакуда «Жаратылыштан шыктанган. Климат үчүн. Келечегибиз үчүн» деген ураан астында Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналган эл аралык конференцияда билдирди Анын айтымында, Азербайжан буга чейин 20дан ашык экологиялык конвенция жана протоколдорго кошулган "Бул биздин өлкөнүн глобалдык экологиялык жана климаттык күн тартибине берилгендигинин, эл аралык кызматташууга маани берип жатканынын айкын көрсөткүчү. Азербайжан COP29ды кабыл алуу менен климат боюнча сүйлөшүүлөр процессинде диалогдун маанилүү борбору болуп калды жана глобалдык тилектештикти бекемдөөдө активдүү роль ойноду. Ал эми бир нече убакыт мурун Азербайжан БУУнун адам отурукташуу программасы менен бирге мындай иш-чаралардын ичинен Дүйнөлүк 10 форумду ийгиликтүү өткөрдү. калкыбыздын экологиялык маданиятын жана экологиялык ой жүгүртүүсүн жогорулатууга», - деп белгиледи министр Текстте ката байкадыңызбы? Текстти тандап, тергичтен Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз


