Казакстанда 400дөн ашык австриялык компания иштейт
Казакстанда 400дөн ашык австриялык компания иштейт. Эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы туруктуу өсүүнү көрсөттү. Өткөн жылы товар жүгүртүү 6,5%га өсүп, 300 млн АКШ долларына жеткен. Бул тууралуу Казакстандын жана Австриянын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды. Өлкөнүн тышкы иштер министри Э

Казакстанда 400дөн ашык австриялык компания иштейт. Эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы туруктуу өсүүнү көрсөттү. Өткөн жылы товар жүгүртүү 6,5%га өсүп, 300 млн АКШ долларына жеткен. Бул тууралуу Казакстандын жана Австриянын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды. Өлкөнүн тышкы иштер министри Эрмек Кошербаев Астанага расмий сапар менен келген Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Биат Майнл-Райзгерди кабыл алды. Тараптар Казакстан-Австрия кызматташтыгына жаңы дем берип, кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдиришти Ермек Кошербаев, Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри: Австрия Республикасынын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Биат Майнл-Райзгер:


