Асылкулов: Ата мекендик ишканалар экспортко чыгууга даяр экенин билдиришүүдө
Бишкек, 04.06.26 /Кабар/. Айрым ишканалар өндүрүш көлөмүн кеңейтип, экспортко чыгууга даяр экенин билдиришүүдө. Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов бул тууралуу Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 эл аралык өнөр жай көргөзмөсүндө билдирди Анын айтымында, мындай масшта

Бишкек, 04.06.26 /Кабар/. Айрым ишканалар өндүрүш көлөмүн кеңейтип, экспортко чыгууга даяр экенин билдиришүүдө. Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов бул тууралуу Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 эл аралык өнөр жай көргөзмөсүндө билдирди Анын айтымында, мындай масштабдагы иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин кызматташтыгынын алкагында алгачкы жолу өткөрүлүүдө. Көргөзмөгө 90дон ашуун компания катышып, алардын 42си Кыргызстанга таандык Бүгүн өлкөнүн кайсы гана тармагын карабайлы, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү байкалууда. Өлкөдө эмерек, кабель, керамогранит, лифт өндүрүү ж.б. багыттар өнүгүп жатат. Лифт чыгарган ишкана жакында эле ачылганына карабастан, коңшу мамлекеттер анын продукцияларына кызыгуусун билдирүүдө Унаа өндүрүшүнүн жанданганына болгону эки жылдай убакыт болду. Бирок ушул аралыкта айыл чарбасында, карьердик иштерде, шаардык коммуналдык кызматтарда колдонулуучу техникалар, ошондой эле жеке жеңил унаалар чыгарыла баштады Учурда Кыргызстанда миңден ашуун өндүрүш ишканасы иш алып барууда. Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында өнөр жай тармагынын өсүшү 13 пайызды түзүп, анын жалпы экономикадагы үлүшү 22 пайызга жетти. Өткөн жылы 119 жаңы ишкана ачылса, быйыл дагы 113 ишкананы ишке киргизүү пландалууда. Айрым ишканалар өндүрүш көлөмүн кеңейтип, экспортко чыгууга даяр экенин билдиришүүдө. Мисалы, мурда чакан ишкана болгон "Бек Кабель" заводу бүгүнкү күндө ири өндүрүш ишканасына айланды Ал белгилегендей, ШКУ мамлекеттеринин өнөр жай тармагындагы кызматташтыгында кооперация маселесине өзгөчө көңүл бурулууда Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандын төрагалыгы астындагы ШКУга мүчө мамлекеттердин Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 эл аралык өнөр жай көргөзмөсү ачылды. Иш-чара 6-июнга чейин уланат


