АКШ менен Ирандын ортосундагы компромисс бузулушу мүмкүн
АКШ менен Ирандын ортосунда төрт апта мурда бекитилген мунаса бузулушу мүмкүн. Президент Дональд Трамп Ормуз кысыгында тыгылып калган 2000дей кемеге жана 20000 экипаж мүчөсүнө жардам берүү үчүн аймакка миңдеген аскерлерди жана согуштук учактарды жөнөттү. Акыркы маалыматтарга караганда, алар Ирандын

АКШ менен Ирандын ортосунда төрт апта мурда бекитилген мунаса бузулушу мүмкүн. Президент Дональд Трамп Ормуз кысыгында тыгылып калган 2000дей кемеге жана 20000 экипаж мүчөсүнө жардам берүү үчүн аймакка миңдеген аскерлерди жана согуштук учактарды жөнөттү. Акыркы маалыматтарга караганда, алар Ирандын алты катерин, ракеталарын жана учкучсуз учактарын жок кылышкан. Америка Кошмо Штаттары Ормуздан америкалык эки соода кемеси өткөнүн билдирди. Иран бул маалыматтарды четке кагууда Тегеран АКШ менен Израилдин чабуулуна жооп иретинде 28-февралда Ормузду жапкан. Дүйнөдөгү мунай менен газдын, жер семирткичтердин жана башка чийки заттын 20 пайызы өтө турган кысыктын жабылышы Иранга да, дүйнөлүк экономикага да чоң таасирин тийгизүүдө Жошуа Лэндис, Оклахома университетинин Жакынкы Чыгыш изилдөөлөр борборунун директору: Америкадан өч алуу үчүн Иран Бириккен Араб Эмираттарынын Фуджейра мунай өндүрүүчү аймагына ракета жана учкучсуз учактар менен чабуул жасады. Кол салуудан энергетикалык объект күйүп кетти. Перс булуңунда бир нече соода кемелери аткыланып, жарылган. Бул окуялардан кийин Эмираттар Иранга жооп кайтарууга укугу бар экенин эскертти


