Алтын Ордонун издери: Бир реликт – бир доор
Алтын Ордо Евразиянын тарыхындагы эң ири мамлекеттердин бири. Кең талааны башкарган бул империя XIII-XV кылымдарда өзүнүн аскердик күчү менен гана эмес, башкаруу системасы менен да өзгөчөлөнүп турган. Бүгүнкү күндө ошол доордун далили Алматы шаарындагы Казакстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик

Алтын Ордо Евразиянын тарыхындагы эң ири мамлекеттердин бири. Кең талааны башкарган бул империя XIII-XV кылымдарда өзүнүн аскердик күчү менен гана эмес, башкаруу системасы менен да өзгөчөлөнүп турган. Бүгүнкү күндө ошол доордун далили Алматы шаарындагы Казакстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик музейинин фондунда сакталып турат. Булар бир нече кылымдарды карыткан тарыхый күмүш жана жез теңгелер. Бир караганда жөн эле металл буюмдардай көрүнгөнү менен бүтүндөй бир доордун айкын күбөсү. Ар бир монета ошол мезгилдеги соода мамилелерин жана бийлик структурасындагы өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Жасулан Белтенов, Казакстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик музейинин бөлүм башчысы: Бул тыйындардын баары абдан баалуу. Бул тыйындарда Алтын Ордо доорундагы 18 хандын ысымдары жазылган. Хан алмашканына, тыйындын согулганына, акча жасоочунун атын, хан сарайларын, кайсыл шаарды чыгарганына байланыштуу жыл, тууроо дейбиз. Ошол сыяктуу эле, маалыматтар өзгөрүп жатты. Учурда Борбордук мамлекеттик музейде Алтын Ордо дооруна таандык 200дөй экспонат бар. Алардын ар бири ошол мезгилдеги чарбалык түзүлүштү, маданий деңгээлин ачып берет. Тарыхчылардын айтымында, мындай маалыматтар Алтын Ордо аскерий гана эмес, цивилизациялык жактан да күчтүү мамлекет болгонун далилдейт. Канат Өскенбай, тарыхчы: Ал кезде Алтын Ордо цивилизациясы, башкача айтканда цивилизация абдан жакшы өнүккөн. Анткени империянын тушунда Азия менен Европанын, Жакынкы Чыгыш менен Кытайдын ортосунда соода байланыштары түзүлгөн. Бир теңге жөн эле реликт эмес, ал бүтүндөй бир доордун саясий жана маданий мүнөзүн аныктаган тарыхый күбө. Мына ушундай баалуу мурастар аркылуу Алтын Ордонун Евразия мейкиндигиндеги таасири, цивилизациясынын деңгээли бүгүнкү муунга жетет


