Түндүк-түштүк альтернативалык жолу унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай ачык -
Түндүк-түштүк альтернативалык унаа жолунун 271-чакырымында таш кулап, кесепеттерин жоюу иштери толугу менен аяктады, деп билдирди Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы Ошол эле учурда 243-чакырымдан 280-чакырымга чейинки тилкелерде да таш кулаган. Учурда No18 жол тейлөө ишка

Түндүк-түштүк альтернативалык унаа жолунун 271-чакырымында таш кулап, кесепеттерин жоюу иштери толугу менен аяктады, деп билдирди Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы Ошол эле учурда 243-чакырымдан 280-чакырымга чейинки тилкелерде да таш кулаган. Учурда No18 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалар менен каттамды тазалоо иштерин улантышууда Учурда жол кыймылы бир тилкеде жүргүзүлүп, өтүү камсыздалган Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет Белгилей кетсек, 4-июнь күнү саат 17.30дар чамасында альтернативдик түндүк-түштүк унаа жолунун 270-271-чакырымынан 271-чакырымына чейинки тилкеде чоң таш кулап, андан улам унаа кыймылы убактылуу токтотулган


