Алматыда Казакстан элинин биримдиги күнүнө карата иш-чара өттү
"Бир чатырдын астында!" Алматыда Казакстан элинин биримдиги күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү Майрамдык программанын алкагында түрдүү улуттардын жана этностордун өкүлдөрү улуттук кийимдерди кийип, салтанаттуу достук парадына катышты. Катышуучулар ар бир улуттун маданияты, каада-салты менен таа

"Бир чатырдын астында!" Алматыда Казакстан элинин биримдиги күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү Майрамдык программанын алкагында түрдүү улуттардын жана этностордун өкүлдөрү улуттук кийимдерди кийип, салтанаттуу достук парадына катышты. Катышуучулар ар бир улуттун маданияты, каада-салты менен тааныштырып, биримдиктин, достуктун маанилүүлүгүнө баа беришти. Казак элинин өнөрпоздору күүлөрдү аткарып, улуттук баалуулуктарды даңазалаган көргөзмө уюштурса, уйгур диаспорасы улуттук бийлерин элге тартуулашты. Ошондой эле түрк жана славян элдеринин маданий мурастарын чагылдырган сахналык көрүнүштөр көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Иш-чарада ар бир элдин тарыхы, жашоо образы, улуттук өзгөчөлүктөрү даңазаланып, майрам көп улуттуу өлкөнүн биримдигин, ынтымагын даңазалады. Майрамга ар улуттун балдары катышып, аларды эне тилинде куттукташты


